Кемероводо соода борборундагы өрттөн 64 киши өлүмгө учурады

Орусиянын Кемерово шаарында жайгашкан «Зимняя вишня» соода борборундагы  25-мартта чыккан өрттөн 64 киши каза таап, дагы 52си жабырланды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги расмий маалыматтарга таянып жазды.

Орусиянын Тергөө комитети киши өмүрүн алган өрт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Соода борборунун өрт чыккандыгы тууралуу кабар берчү түзүлүшү иштебей калып, андагы адамдар толук эвакуацияланбаганы кабарланууда. Расмий маалыматтарга ылайык, имараттан 100 киши эвакуацияланып, дагы 20сы куткарылган. Калган адамдар соода борборунан өз алдынча чыккан болушу мүмкүн.

Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков Кемероводогу трагедияга байланыштуу 26-мартта орус президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар