Кемероводо “кыз тарбиялаган” кыргызстандык камалды…

Орусиянын Тергөө комитетинин Кемерево облустук тергөө кызматынын 31-июлдагы маалымдоосуна караганда, 21 жаштагы Кыргызстан жараны 4.5 жылга кесилди. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча,  кыргыз жараны 2015-жылы 15-жаштагы жергиликтүү кыз менен таанышкан. Экөө бири-бирин жактырып, жолугуп жүрүшкөн. Бирок жигит көп өтпөй кызды башкалардан кызганып, ага кол көтөрө баштаган. Кыздын денесиндеги көгала тактарды көргөн чоң энеси тартип коргоо органдарына кайрылган. Кыргыз жараны суракта “мына ушундай жол менен кызга улуттук каада-салтты үйрөтүүнү” көздөгөнүн билдирген.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар