Казакстан латын алфавитине өтүүнү бекитти

Казак президенти Нурсултан Назарбаев 2025-жылга чейин этап-эатбы менен латын алфавитине өтүү жөнүндө жардыкка 27-октябрда кол койду. Жардыкта латын графикасы менен негизделген казак тилинин алфавити бекитилди. Эми өкмөт казак тилин латын алфавитине өткөрүү боюнча Улуттук комиссия түзүп, 2025-жылга чейин латын алфавитине өтүү боюнча иш чараларды аткарууга тийиш.

Кыргызстанга кошуна мамлекеттерден Өзбекстан латын алфавитине өтүп жатканы белгилүү. Эми Казакстан да ал жолго түштү.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар