Казакстан Кыргызстанга каршы дагы “кайранды”…

Казакстандын “Тенгриньюс” маалымат агенттигинин 17-октябрдагы кабарлоосуна караганда, казак бийлиги Кыргызстан чек арасынан өтүп жаткан товарларды текшерүүнү күчөттү. Казакстан Маалымат министрлигинин маалыматы боюнча, 10-октябрдан 17-октябрга чейин 835 автоунаа текшерилген. 20 мыйзам бузуу фактысы табылган. Өзгөчө бир факты катары 20.6 тонна курма, анар, жүзүм жүктөлгөн автоунаада карантиндик зыянкечтер, 2.9 тонна алма жүктөлгөн дагы бир автоунаада зыянкечтер табылганы кабарланды.

Эгерде фитосанитардык талаптар системалык түрдө бузула берсе, анда Казакстандын фитосанитардык кызматы Кыргызстандан андай продукцияларды ташууга чектөө киргизет деп белгилеген Казакстандын Маалымат министрлиги.

Казакстан бийлиги ошондой эле Кыргызстандан Кытай товарларын реэкспортоо көбөйгөнүн белгилеп, кийим-кече ташууга да чектөө киргизерин кыйыткан.

Казакстан тараптан мындай чектөөлөр катуу киргизилсе, анда өлкөнүн айыл-чарбасы жана тигүүчүлүк тармагына катуу сокку урулат. Жумушсуздук кескин өсөт…

Кыргыз бийлигинде Казакстанга адекваттуу жооп берүү мүмкүнчүлүгү жетишпейт. Ошондуктан өкмөт Дүйнөлүк соода уюмуна, ал эми президент Евразия экономикалык биримдигине арызданабыз деп жатат.

Бир адамдын тикенектей тилинен, бир мамлекеттин эли азап тарткан жагдай түзүлүүдө…

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар