Казакстан Кыргызстандан электр энергиясын сатып албайт…

Токтогул суу сактагычында суунун көбөйүшүнө байланыштуу Кыргызстанда электр энергиясын экспорттоо зарылдыгы келип чыкты. Бул боюнча Улуттук Энергохолдинг февраль айынан бери кошуна мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Бирок Казакстан Кыргызстандан электр энергиясын сатып албай турганын билдиргенин Улуттук Энергохолдинг ишемби күнү кабарлады.

Ал эми Өзбекстанга 1.25 млрд. килловат саат электр энергиясын 2 центтен сатуу макулдашылып, 16-июндан тарта электр энергиясы бериле баштады.

22-июлга карай Токтогул суу сактагычына 19.5 млрд.куб метр суу топтолгон. Күн сайын 50 млн. куб метр агып кирүүдө. 600 миллион куб метр суунун ашыктыгына байланыштуу аны бекер агызуу зарылчылыгы чыкканын Улуттук Энергохолдинг эске салат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар