Казакстан Кыргызстандан азык-түлүк ташууга чектөө киргизди

Казак маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, Казакстан Кыргызстандан сүт, эт  азыктарын жана кондитердик продукцияларды ташууга тыю салды. Казакстандын коомдук ден соолукту сактоо комитетинин төрагасы Жандарбек Бекшиндин 10-ноябрдагы айтымы боюнча, Кыргызстанда өндүрүлгөн бул продукциялар талаптарга жооп бербейт имиш… Ошондуктан Кыргызстандан Казакстанга кире турган товарларга көзөмөлдү күчөтүү тапшырылыптыр…

Казак бийлигинин бул билдирүүсү Казакстандын чек арадагы чектөөсү соода согушуна айланып баратканын айгинелейт.

Айтмакчы, 10-ноябрда Женевада Дүйнөлүк Соода Уюмунун жыйынында Кыргызстандын Казакстанга дооматы карала баштады. Кыргызстан өкүлү Казакстан чек арада ДСУнун талаптарына жооп бербеген чектөөлөрдү киргизип жатканын айтса, казак өкүлү өзүнүн жүйөөлөрүн келтирген. Ар ким өзүнүн пикиринде кала берген.

Молдова, Түштүк Корея жана Япония өкүлдөрү  коңшу мамлекеттерди “чатагыңарды өз ара тезирээк чечип алгыла”  дегендей пикирин айткан…

Демек,  “кийиз кимдики болсо, билек ошонуку” дегендей эле картина көрүнүүдө. ДСУдан да…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар