Казакбаев лидер болуп, Мамытов мат болду

Өмүрбек Бабанов өз ыктыяры менен фракция лидерин тапшыргандан кийин, анын ордуна Талант Мамытов менен Курманкул Зулушев лидер болот деген маалымат чыккан. Кээ бир фракциялаштары да Ташиевдин канатына калкаланып мандат алган Талант Мамытов болсо туура болот деген пикирлерин да билдиришкен болчу. Бирок, Мамытов болсо жакшы болот эле дегендерди мат кылып, фракция лидерлигине Руслан Казакбаевди шайлашты. Казакбаевдин лидер болгону мыйзам ченемдүү эле көрүнүш болду. Шайлоо учурунда түштүк жакты Казакбаевден башка адам тейлегенде Бабанов мынчалык колдоо тапмак эмес. Ишенген адамдары шайлоо күнүнө 2-3 күн калганда дарегин билдирбей житип кетишкенин ким жокко чыгара алат? Эркекпиз, шым кийип жүрөбүз го, аягына чейин тик турабыз дегендер колдоруна тыйын тийгенде дайынын таптырбай кетишкенде, Казакбаев «шым кийип жүрөбүз дегендер юбка кийип алышсын» деп жалгыз өзү тик туруп берди. Кыйын кезде майтарылбай турганын далилдеген Казакбаевге ошон үчүн Бабанов ишеним артса керек.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар