Катуу суук келатат…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-январдан тарта абанын температурасы кескин төмөндөй баштаарын кабарлайт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө  түнү — 20 градуска чейин, күндүз -15 градуска чейин суук болот.  Ош, Жалал-Абад-Баткен облустарында түнү -14, күндүз -5 градуска чейин суук болот. Ысык-Көлдө -20 түнү, -7 күндүз. Эң суук Нарын, Суусамырда күтүлөт. Бийик тоолуу бул аймактарда түнү -40 градуска чейин, күндүз -20-30 градус суук болот.

Бул сууктар 29-январга чейин созулат. Ушундай эле аномалдык суук Казакстанда да болот. Бул республикада да эскертүүлөр айтылып жатат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар