Канатбек Исаевге дагы бир айып коюлду

Бирок Исаевдин парламенттеги жардамчысы алардын эч кандай кабары жок экенин 1-июнда билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге УКМК жаңы айып койгонун маалымдап чыкты. Бул ирет УКМКа Исаев Токмок шаарынын мэри кезинде 1 миллион сомдон ашуун турган китепкананын имаратын 572 миң сомго сатып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыптоодо.

Буга чейин Исаевге коррупция боюнча мурда козголгон кылмыш иши калыбына келтирилип, андан Кыргызстандан чыкпоо тууралуу тил кат алынган.

Канатбек Исаев ага карата козголгон кылмыш ишти конституциялык рефрмага каршы чыгуусу, саясат менен байланыштырып, күрөштөн кайра тартпасын билдирген.

Исаев конституциялык реформага каршылык билдиргенден кийин «Кыргызстан» фракциясынын лидерлигинен четтетилген. Фракция анын ордуна Алмазбек Баатырбековду шайлап алган. «Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоодо Канатбек Исаев жетектеп,  Жогорку Кеңешке алып келген. Бирок партиянын чыныгы ээси алкоголь магнаты Шаршенбек Абдыкеримов экени белгилүү.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар