Канат Исаевге оор күнөөлөр коюлуп жатат…

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге каршы кылмыш ишин козгоду. Ага Кылмыш жаза кодексинин 27 беренеси (кылмышка даярдык көрүү), 233 беренеси (массалык баш-аламандык) жана 295 беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана кармап туруу) боюнча айып коюлуп жатат.

“Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапкери болгон Канатбек Исаев кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, массалык баш-аламандык уюштуруу аракетин жасап жатканы аныкталды”-, деп кабарлады Башкы прокуратура 30-сентябрда.

“Алардын максаты Бабанов шайлоодо утулуп калса, бийликти күч менен басып алуу экени УКМКнын материалдарында келтирилген.  Бул адамдар акцияларга акча менен адам топтоп, андан ары массалык баш-аламандык жана куралдуу кагылышууга алып барууну көздөшүүдө. Анын алдын алуу үчүн кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүү УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына берилди”,- деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Канат Исаевге кылмыш иши козголгону кабарлануусуна удаалаш интернетте Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү аталган Чынгыз Жумагулов  (Чыңгыз дөө) жана Улан Барчакеев (узун Улан) делгендердин телефондогу сүйлөшүүсү, Канат Исаевдин кимдир-бирөөлөргө эки пачка 5 миң сомдуктан берип жатканы тартылган видеотасма пайда болду. Видео тасмада балдарды кармап даярдоо жөнүндө сөз болсо, аудиодо  Канат Исаев жана Каныбек Иманалиевдер акчага курч балдарды топтоп жатканы, алар шайлоого эмес, төңкөрүшкө даярдык көрүп жатканы жөнүндө сөз болгон.

Башкы прокуратура козгогон кылмыш иште Канат Исаевдин кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү менен байланышы жөнүндө сөз болгон. Демек, Башкы прокуратура Жумагулов жана Барчакеев деп аталгандардын сүйлөшүүсүн кылмыш ишин козгоого негиздердин бири кылып алгандай…

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар