Кайран аксакал…

Баласы үчүн күйүп кетти. Баласы ак жеринен караланып, көп жылдарга түрмөгө салынганы үчүн күйүп кетти.

Бир киши (президент Атамбаев) маалымат каражаттары мени каралап, ушактап атып, жакындарымдын ажалына себепкер болду деп ызырынган эле.

Журтум деп, калкымдын кызыкчылыгы деп күрөшкөн баланы анын бийлиги, соту абакка салып, аксакал атасынын жашын сакалына чейин шорголотуп, аягында ажалга алып келгенин кандай баалар экен?

Садыр мырзанын атасы Нуркожо Садыров аксакал 20-сентябрда көз жумганы кабарланды. 84 жашында күйүтү ичинде кеткен аксакалды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 22-сентябрда жума күнү Түптө Кең-Суу айылында болмокчу…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар