Кадр маселесин Бекбоев тейлейт. Бирге…

Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда президенттик кызматка киришип, андан бери бир-нече кадрдык дайындоолорду жасап,  оперативдик мүнөздөгү жыйындарды өткөрдү.

А.Атамбаевге баатырдык наамды ыйгаргандан кийин жаңы президенттин ишин камсыздай турган эки кадрдык дайындоо болду. Биринчилерден болуп президенттик аппаратта кадр маселесин карай турган кызматкер жана жардамчы дайындалды.

“Кадрлар баарын чечет” деп И.Сталин айткандай, Кыргызстан шартында биринчи кезекте биринчиге берилген кадрлар болуш керек. Ошол кадр маселелерин тейлөөнү Сооронбай Жээнбеков Турдуназир Бекбоевге тапшырды. Ал президенттик аппараттын  кадр бөлүм башчылыгына дайындалды.

Президенттин жардамчысы кызматына Эрнис Толтоев дайындалды. Толтоев Жээнбеков менен Ош облусунан бери бирге иштеп келген жаш кадр экени белгилүү.

Эми Сооронбай Жээнбековдун алдында президенттик аппараттын башчысын дайындоо маселеси турат. Жазылбаган мыйзам же калыптанган көнүмүшкө ылайык Жээнбеков аппарат башчылыгына шайлоо штабынын башчысын дайындашы логикага сыйымдуу болмок.  Мындай болгондо аппарат башчылыгына Фарид Ниязов дайындалыш керек. Жээнбеков президенттик аппараттын биринчи жыйынын өткөргөндө Ниязов ошондуктан отурду…

Бирок, Ниязов Сооронбай Жээнбековдун “ишенген көздөй кишиси” эмес. Ал эмне болгон күндө да Атамбаевдин адамы.

Президенттик аппараттын азыркы башчысы Алмазбек Үсөнов Атамбаев тарабынан убактылуу коюлганы да түшүнүктүү. Анын президенттик аппараттын башында туруп, мамлекеттик саясатты жөндөп алып кетиши күмөндүү. Андан сырткары ал дагы Атамбаевдин адамы.

Ошондуктан Жээнбековдун президенттик аппаратка жаңы адамды дайындашы күтүлүүдө.

Сооронбай Жээнбеков өкмөт башында турганда өкмөт аппаратын Акылбек Осмоналиев жетектеп турган. Ошондуктан бул кызматка Осмоналиев негизги талапкерлерден болууда…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар