Кабулда терактан ондогон адамдар көз жумду

Эл аралык маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, 28-декабрда Кабулдагы бир маданий борбордо жанкечтинин бомба жардыруусунан 40 адам өлүп, дагы 40 жарадар болду.

Жардыруу болгон маданий борбордо “Ооганстан үнү” маалыматтык агенттиги да жайгашкан. “Табьян” аттуу маданий борбор өзү мусулман-шия хазарларга таандык болгон.

Жардырууга бир да тарап жоопкерчилилик ала элек. Бул өлкөдө терактар талип жана “Ислам мамлекети” террордук уюму тарабынан жасалып келатат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар