К.Жоорбаева: Соттор жалаа менен соттоп жатса, таза шайлоого кандай кепилдик болот?

Белгилүү саясатчыларды жөн жеринен ушак, имиштер негизинде каралоо жана камакка алуу коомчулукту түпөйүлгө салууда. Соттук териштирүүлөрдө коюлган күнөөнүн бирөөсү  дагы далилденген жок. Жөн эле бийлик күчүнө салып соттоп жатканын көрүп атабыз.

Мына ушундай абалда өлкөбүз президенттик шайлоого баратат. Президент Атамбаев таза шайлоо өтөрүнө кепилдик берем деди. Бирок түзүлгөн абал анын сөзү  шоона эшпей калышын гана кепилдейт.

Эгерде көз көрүнөө  саясатчыларды жалган жеринен, өч алуу иретинде камакка алып, президенттик шайлоого катыштырбай жатса, анда кантип таза шайлоо өтөт?

Атамбаевдин саясаты коомду тунгуюкка кептеди десек жанылышпайбыз. Садыр Жапаров Кумтөрдө алтын уурдалып, экологияга эбегейсиз зыян келтирип жатканын, коомчулукка ачык айкын айтканы үчүн жалган жалаа менен соттолуп жатат.

Текебаев – Чотоновду дагы ушак жана имиштин негизинде соттоп жатканы өкүндүрбөй койбойт. Айласы кеткен “атамекенчилер” ачкачылык жарыялашты.

Сот системасы такыр талкаланып, мыйзам устөмдүгү жоголду. Мындай шартта шайлоо формалдуу түрдө гана өткөрүлүп, анын жеңүүчүсү алдын-ала айкын болот.

Коомдук активист

Жоорбаева Күлнара

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар