К.Жоорбаева: Президенттик шайлоо таза өтөрү күмөн астында

Келе жаткан президенттик шайлоо таза өтөрү күмөн астында калууда. Президентке талапкер Т. Сариев президент Атамбаевдин “Форумунда” өкмөттүн ыйгарым өкүлдөрү, акимдер чогулуп шайлоого тымызын даярданып, үгүт өнөктүгүн жүргүзө баштаганын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков  кызмат абалын пайдаланып жатканы ачык эле байкалууда.  Муну менен бийлик баш мыйзамдын талаптарын одоно бузуп жатат, С. Жээнбеков кызматын өткөрүп бериш керек, дейт Т.Сариев.

Күч органдары жана БШКа бул маселени иликтеп,  юридикалык баа бериши керек деген Т. Сариевдин талабы туура.  Сариевдин бардык талапкерлерге бирдей  шарттарды түзүү талабы да туура. Себеби соттоло элек Ө. Текебаев жана С. Жапаровду тил сынагынан өтүүсүнө жол берилиш керек.

Кыргыздын саясый каймагы, саясый генералдар Келдибеков, Төрөбаев, Ташиев, Мадумаров бириккени кубаныч байлайт. Чындыгында бийликке туруштук бере алчу эр жүрөк, акылман, жаратман саясатчылардын биригүүсүн коомчулук кубануу менен кабыл алдык. Коомчулук ишенич арта турган саясатчылар  жетишпей жаткан. Кимди ээрчирин билбей турган элге, эми самаганыбыз келди окшойт. Чындыгында бул эр азаматтардын артында эл турат. Эми төртиликке башка региондордон төрттөө кошулса анда, ашмалтайы чыккан бийликтин айласын кетирип, шайлоодо жеңишке жетишке чоң өбөлгө түзүлөт.

Бир гана  азыркы компьютер эсептеген шайлоодо, добуштар кандай эсептелет  деген чоң суроо туулат экен. Анын үстүнө сот системасы бир гана президент Атамбаевдин сөзүнөн чыкпай жатса, таза шайлоо  өтөрүнө ишенич ого бетер аздайт.

Коомдук активист

Жоорбаева Күлнара

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар