К.Ташиев тандоосун ачыктады

“Ата журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев президенттик шайлоодо кайсы талапкерди колдоорун жарыялады. Партиянын маалымат кызматы кабарлагандай, Камчыбек мырза бийлик талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоону чечти.

Камчыбек Ташиевдин тандоосун прагматикалык тандоо деп атасак болот. Анткени талапкерлер ичинен Сооронбай Жээнбековдун мүмкүнчүлүгү эң жогору бааланып жатат. Ошондуктан ал “шамалга каршы эмес, аны коштоп чуркоону”  туура көргөндөй.

Андан сырткары Сооронбай Жээнбеков өзү жана жакындары Камчыбек Ташиевдин артынан сая түшүп, аны өз командасына алууга абдан эле аракет жасашты.

Албетте, бийлик талапкерин колдоонун моралдык терс жагы бар. Бирок Ташиев Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев эмес, ал башкача саясат жүргүзүүгө жөндөмдүү деген үмүтү бардыр…

Камчыбек Ташиев өзү талапкер. Кол чогултуп, тил сынагынан өтүп, талапкер күбөлүгүн алган. Бирок шайлоо өнөктүгү абдан көп каражатты, адамдык ресурсту, уюштуру иштерин талап кылган татаал жана кымбат нерсе.

2010-жылдан кийин оппозицияда калган Камчыбек Ташиев көп финансылык жоготууларга учурады. Ал жоготууларды күбөлөгөн бир мисалды эле алсак, Камчыбек мырза “7-канал” телеканалын сатууга аргасыз болду…

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов менен биригүү ийгиликтүү болгон жок. Шайлоодо жеңишке жетишилген менен Ташиев өзү сыртта калды. Ал парламентке алып келген депутаттардын көпчүлүгү биротоло Бабановго өтүп кетти. Бул жагынан да жоготууларга учурады.

Мындай шартта анын өзү президенттик өнөктүктү тартып кетиши кыйын болчу.

Ошондуктан ал адегенде Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков менен биригүүгө барды. Соңунда аларга Бакыт Төрөбаев кошулду. Бирок бул биригүүлөр башка саясатчыларды катарына тарткан магнит, локомотив болуп кете албады.

Ошондуктан Камчыбек Ташиев “жел тегирмен менен күрөшүүнү токтотуп”, тескерисинче ал тегирменди үйлөөнү чечти…

Ташиевдин тандоосуна ар кандай баалар берилип жатат. Бирок Адахан Мадумаров айткандай, анын тандоосуна сый мамиле жасоо керек. Анткени ар кимдин тандоо эрки бар…

Бир гана  өкүнүчтүү нерсе- төрттүктүн биргебиз, бир талапкерди колдойбуз деп, элди дүрбөтүп, ишендирип, анан жаш балдардай тарап кеткени…

 

There are 3 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар