К. Исаев жана И.Масалиев президенттик таймаштан четтейт…

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Канат Исаевдин пайдасына топтолгон кол тамгаларда жасалмалар көп деп тапкан. Бул маалыматты БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева Элньюс сайтына 5-сентябрда ырастады. Ал эми Исхак Масалиев шайлоо эсебин ачпай туруп, кол топтоо баракчаларына каражат сарптаган. Ошондуктан анын пайдасына топтолгон кол тамгалар жараксыз деп табылган. Исхак Масалиевдин талапкерлигин Кыргызстан коммунисттер партиясы көрсөткөн эле.

Бул эки талапкерге топтолгон колдор бекитилбегендиктен, алардын талапкер болуп расмий катталуусуна жол жабылууда.

Канат Исаев, Исхак Масалиевден сырткары беш талапкерге чогултулган колдордо да жараксыздар көп табылып, бекитилген эмес.  Алар Рита Карасартова, Кубан Чороев, Камила Шаршекеева жана Турсунбек Акун.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар