К.Исаев ишинин логикалык уландысы…

Канат Исаевге козголгон экинчи кылмыш иштин тергөөсү аяктаганы 27-мартта маалымдалган. Биринчи кылмыш иш боюнча Исаев 12 жылга кесилген. Ал боюнча Токмок шаарынын мэри кезинде коррупцияга аралашкан деп айыпталган эле. Экинчи кылмыш иште Исаев күч менен мамлекеттик бийликти басып алууга аракеттенген деп айыпталып, өткөн жылы кармалган эле.

Канат Исаевдин мына ишинин алкагында Өмүрбек Бабановго да жаңы кылмыш иши козголгону 29-мартта маалым болду. Бабанов Канат Исаев менен биргеликте мамлекеттик бийликти басып алууга аракеттенген деп айыпталууда

Бабановго да буга чейин дагы бир кылмыш иши козголгон. Ал шайлоо өнөктүгү учурунда улут аралык кастыкты козгоого, мамлекеттик түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык таштаган деп айыпталып, кылмыш иши козголгон эле.

Ошондуктан Бабанов өткөн жылдагы президенттик шайлоодон кийин эле Кыргызстандан чыгып кеткен. Ага Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев тарабынан кылмыш иши менен коркутканы да негизги себептерден болгон. Чет жактан Бабанов саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган эле…

Канат Исаев өткөн жылы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду колдоп чыккан.Үгүт өнөктүгү учурунда  Канат Исаев акча таратып жаткан видеотасма таратылып, мына ошонун негизинде кармалган эле.

Эми бул кылмыш иштин сормо сазы Өмүрбек Бабановду да тартып кетүүдө.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар