К.Булатов: Тогуз-Тородо бийликтин чабалдыгынан пайдаланып жатышат

5-мартта “24kg” маалымат агенттигиндеТогуз-Торо районунда митинг уюштуруп, комбинатка кирип барган топ пресс конференция өткөрдү. Алар Тогуз-Торо районунда курулуп жаткан алтын ылгоочу «Джи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бут тосуп, комбинат курууга каршы тураарын билдиришти. Активисттер Уланбек Шерипов, Жапараалы Казыбаев, Бурулбүбү Садыкбекова, Бектурган Сатыбалдиевдин айтымында, аларга карапайым эл акча чогултуп, маалымат жыйынын өткөрүүгө жиберген.

Пресс-конференцияда Болот Максат уулу комбинатка карапайым эл 10-мартта дагы кол сала тургандыгын кабарлады. Серепчилер мындай билдирүүнү жапайычылык аң-сезим менен мамлекеттин өнүгүшүнө туулган коркунуч — экономикалык диверсия катары баалап жатышат. Биз бандиттик же мыйзамдуу мамлекетте жашайбызбы? Албетте, бул жооп адам көмүскөдө турган айрым бир адамдын куралы болуп жатканы айтпаса да ачык көрүнүп турат. Алар пресс-конференцияда өздөрүнүн кылган аракеттерине бир дагы далилдүү фактыны келтире алышкан жок.

Алардын: “учурда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан алтын ылгоочу комбинаттын эч кандай уруксат кагаздары жок, ал эми комбинат курулуп калса, анын тегерегиндеги 30 чакырым жерге чейин бир дагы өсүмдүк өспөйт, деги эле тирүү жанга аябай зыян келтирет” деп догурунуп, эл арасына тараткан жүйөөсүз пикирлери суу кечпейт. Пресс-конференция өткөргөн тогуз-торолук активисттер саламаттык сактоо тармагындагы бир дагы адистин  анализдерин келтирип, фактыларды айта алышпай, ойдон чыгарылган жорумдарды айтышты.

Активисттер “Казакстандын Балхаш шаарынын жанында дал ушул биз сөз кылып жаткан Тогуз-Тородогудай комбинат бар, анын тегерегинде бир дагы чөп жок, бизде дагы чөп өспөй, кырылып калабыз” – деген чын-бышыгы белгисиз кепти айтып, көпчүлүктүн оюн буруп, бузуп жатышат. Мен Балхашта бир эмес, көп жолу болгон адаммын. Ооба, Балхаштын тегерегинде чөп өспөйт, ал жактын климаттык шарты Кыргызстандыкынан дээрлик бөлөк, кургакчылык, какыр, боз чаң талаа. Бирок, бул жерде жалгыз эле алтын ылгоочу комбинаттан башка дүйнө боюнча эң ири жез ылгоочу комбинат 65 жылдан бери иштеп келет. Эгерде жергиликтүү элге залакасын тийгизсе, ал жерден эл эчак эле көчүп кетмек. Кудайга шүгүр, эли шайыр, күлкүсү жүзүнөн кетпей, жашап, иштеп жүрүшөт.

Ал эми Тогуз-Торо районундагы комбинатка байланыштуу окуяга кайра кайрылсак, күч органдарынын сабатсыздыгынан, жергиликтүү бийликтин чабалдыгынан пайдаланып, аймакты өнүктүрүүгө бут тосууга жол берилип, экономикалык диверсия жүрүп жатат. Мен укук коргоочу катары “жергиликтүү күч органдары сатылып кеткенби?” деген күмөн ойго туш болуудамын. Болбосо, булар активист эмес, булар кылмыш жообуна тартылуга толук далилдер бар, чагымчыл чакырыктардын арты менен комбинатка моралдык жана материалдык ири чыгым келтиришти. Булар атайын оюндарды уюштуруп жаткан кимдир бирөөнүн курмандыктары.

 

Укук коргоочу Качкынбек Булатов.

 

 

 

There are 5 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар