К.Булатов: Тогуз-Тородо башаламандыкты уюштурууда район жетекчилигинин кулагы көрүндү

Бийликтин өз ишин мыйзам чегинде алып баруусу мамлекеттин өнүгүүсүнө өтө чоң таасирин тийгизет. Эгерде мамлекеттик жогорку бийликтеги аткаминерлер өз ишине шалаакылык кыла баштаса, төмөнкү тепкичтеги аткаминерлердин өзүмбилемдиги күч алат. Бүгүнкү күндө “бөрк ал десе, баш алган”, бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатты бурмалап, өз көмөчүнө күл тартканды илгиртпей өздөштүргөн айрым акимдер дагы жок эмес. Мамлекеттеги мыйзамдуулукту сактабай, укуктук тартипти аткарбай, өзүнө ишеним артылып, тапшырылган аймакта тымызын  баш аламандыктарды уюштуруп, элди ичтен козуткандар дагы бар экендиги таң калыштуу деле болбой калды. Алыс кетпей эле кечээки окуяга абай салсак. Жакында эле өлкөнүнүн үчүнчү революциясынын локомотиви Тогуз-Торо району болот деген сөздөр жалпыга маалымдоо каражаттарында тарады. Иш жүзүндө көмүскөдө турган айрым бир аткаминерлер  жергиликтүү жарандарды митинг уюштурууга тукуруп, көпчүлүккө чагымчылык маалыматты таратып, элдин кыжырына тийген сөздөрдү айтышып, курулушу жаңы башталган алтын ылгоочу комбинатты талкалап, 750 миң сомдук материалдык чыгымга дуушар кылышты. Ал тургай ал жакта иштегендердин тамак-ашын уурдап, ашпозчулардын акчаларын тоноп кетишкен. Мындай чагымды уюштургандардын жүзүн жакында ИИМнин  КИМБ оперативдик бөлүмү ашкерелеп, митингдин уюштуруучуларын ачыкка чыгарды. Бул ээнбаштыктын ана башында «Кыргызалтын» ААКнын кызматкерлери  жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Идирисов тургандыгы белгилүү болду. Митингдин демөөрчүсү катары «Макмалалтын» комбинаттынан эбегейсиз алтын уурдап келишкен уурулардын аттары аталууда. Алар «Макмалалтын» жана «Кыргызалтын» ишканаларынын адистери, көпчүлүгү жүздөгөн үйүр жылкылардын, короо-короо койлордун кожоюндары, менчик турак-жайлардын, дүкөн, кафелердин ээлери, Бишкектеги эки үчтөн үйлөрү, дүкөндөрү, алар мындай мал-мүлктү жалаң “Макмалалтындын” алтынын уурдап топтоп, байышкан эргулдар. «Кыргызалтын» ААКнын кызматкерлери өкмөттүн кызматын аткарып жатып, эмне үчүн курулушу жаңы башталган компанияга кара ниеттик менен бут тосуп, экономикалык диверсия кылышты? Алардын кызыкчылыгы эмнеде? Нааразы тараптагы көшөгөнүн артында турган топко Тогуз-Торо районунун акими Т.Идирисов кайсы кара теке сүзүп кошулду? Баарына белгилүү, райондун акиминин милдети мамлекет тарабынан өзүнө ишенип жүктөлгөн кызматты так, мыйзамдуу аткаруу болуп саналат. Бирок, Т. Идирисов башаламандыкты уюштургандардын арасында жүргөнүн кандай деп бааласак болот. Ошондой эле, муниципалдык кызматта эмгектенгендер: райондогу үрөн чарбасынын башчысы Улан Шерипов, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Мойдунов, айылдык кеңештин төрагасы Руслан Жусубакунов, коммуналдык чарбанын башчысы Анарбек Токтоналиев дагы өздөрүнүн кызматтык иштерин таштап коюп, сай-сайлап митинг уюштурушуп, элди тескери жакка үгүттөөчүлөрдүн анабашы болуп жүрүшөт. Улан Шериповдун үстүнөн Атай айылынын тургундары күч органына арыз жазып, анын ишине юридикалык баа берүүнү, айыбы болсо, тиешелүү чара көрүүнү суранышкан. Жакында Улан Шерипов кызматтынан четтетилди, ал эми күч органы тарабынан иш козголуп, териштирүү иштери жүрүүдө. 2016-жылдын  апрель айында курулушу башталган комбинаттын жетекчилери аким Т.Идирисовго кат менен кайрылып, анда компания тарабынан районго соцпакет бөлүү сунушу каралып, төмөнкү үч маселени чечүү убада кылынган:

  • Айыл чарбасы боюнча лизинг компаниясын куруп берүү.
  • “Макмалалтын” комбинатынын кароосуз калган ОРС имаратынан спортзалды  куруп берүү.
  • Райондун ыңгайлуу жерине күнөскана куруп беруу. Бирок, бул сунуштар боюнча аким Т. Идирисов азыркы күнгө чейин жооп бере элек.

 

Аким Идирисов ушу убакытка чейин сунушту карабай, билмексенге салып жүрөт. Көрсө акимд котур ташын койнуна катып, туура эмес саясат жүргүзүп жаткандыгынын белгиси эмеспи?

Эң кейиштүү эле жорук – “Макмалалтындын” уурулары митингди уюштурууга спонсорлук кылышып, аларга аким Т.Идирисов кошулуп алып кимдир бирөөлөрдүн  буюртмасын аткарып жатышы болуп калды. “Шибегени капка ката албайсың” дегендей, булардын көмүскөдө калуу аракетине карабастан, чындык канчалык ачуу болгону менен кыңыр иш айгине болуп калды. Тилекке каршы, өкмөт тарабынан атайын иликтөө комиссиясы түзүлүп, кызматтык териштирүү жүргүзүлө элек, күч органы жакынкы аралыкта өзүнүн юридикалык баасын бериши абзел. Ал эми кылгылыкты кылып коюп, айласын таппай жүргөн эргулдар учурда чубактын кунундай чубалган чууну басуу амалын издеп баш калаабыз Бишкекте көрүнгөн каалганы кагып жүрүшөт. Ал эми Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан кээ бир депутаттар тарабынан маселе көтөрүлгөнү менен, аягына чыга элек. Депутаттар өзүн пиар кылганды адат кылып алыштыбы, айтор, телеэкрандан бир көрүнүп алгандан кийин эле изсиз-жиксиз. Же напсиге азгырылып, “сунулган” кашыктан баш тарта албай, «отметка» алып жүрүшпөсүн? Болбосо, алтын концентраты ири өлчөмдө чет өлкөгө көзөмөлсүз чыгарылып жатканы тууралуу жандары кашайып, маселе көтөрө калышат деле “дым” болушат. Албетте, Жогорку Кеңеште бул маселе бир жолу эле эмес көп жолу айтылганына карабастан, чечкиндүү аракеттер көрүлө элек экени эч кимге жашыруун эмес. Алар белгилегендей, өзүбүз эле концентратты тазалаганга фабрика куруп алсак болот эле.  Депутаттар парламенттин сессиясында  көп эле жолу сунуш киргизип, бирок, курулай сөз бойдон калып келген. Эми концентратты тазалоочу комбинат курулуп жатса, буга бут тосуп, каршы турган зыянкеч чиновниктер чыга келишти. Болгондо дагы күч колдонуп, сөзгө, кепке келбей жапайылык менен инвесторлордун ишмердүүлүгүнө кол салып жатканы, аларга жергиликтүү бийлик жана күч органы көмөк көргөзүп жатканы теңирден тескери иш болуп, ачыкка дагы чыгып жатат.

2018-жылдын 12-мартында ЗИФтин начальниги Исмаилов Алмаз иштен кетире турганын билип калып, чоң чатак кылды деп кеп кылышууда. Көрсө, «Кыргызалтындын”  ишенген өкүлдөрү алтын бөлүштүрүп жаткан учурду уюлдук телефонго тартып алып, таякеси Б.Бектеновко “ватсап” аркылуу жөнөткөн. Андан соң  комбинатта чогулуш чакырылып, уурулугу жарыяланып, директор Дыйканов  Каныбек Бахаповичти «кетсин» деген талаптар коюлгандыгы белгилүү болду. Таң калыштуусу бул мыйзамсыз аракет тууралуу күч органына маалымат келип түшкөнү менен алар иш козгоп, иликтөөгө алыша элек.  Эгерде бийлик мыйзамсыз иштерге кайдыгер карай берсе, анда мамлекеттин келечеги күмөн, акыры жүрүп  «Афган же Сирия синдромуна» кабылбайбыз деп ким кепил боло алат? Тез аранын ичинде өкмөт мындай башаламан кырдаалды иретке салбаса, көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн. Ансыз деле 10-мартта ИИМдин атайын багыттагы жоокерлери автобус, бусик жана төрт джип менен Тогуз-Торого нааразы тарап бир жаңжал чыгарып жибербесин деп барып келишти. Ошондой эле, ИИМнен, Жалал-Абад облусунун милициясы жана УКМК кызматкерлери Тогуз-Тородо иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Мамлекетти, ошондой эле, инвесторлорду өздөрүнүн кутумдук аракеттери менен материалдык ири зыянга учуратканын келгенин атайын буюртманы аткарган тарап түкшүмөлдөдү бекен? – деген суроо туулат. Эгерде күч түзүмдөрү мамлекеттик бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатты так билип,  КРнын президенти Сооронбай Шариповичтин өлкө кызыкчылыгы үчүн сөзүн эки кылбай, ачык, даана иш алып барышса, митингди ким уюштургандыгын, ким каржылагандыгын таап, кылмышка шектүүлөрдүн ишине юридикалык адилет баа берсе, эл ишенимине татыктуу болот. Соңунда айта кетчү жагдай, ири өлчөмдө акча каражатын жеңил жол менен мойсоп көнгөн, коомдун мүлкүнө кол салуу менен шугулданган эргулдар жеке кызыкчылыгы үчүн адам өмүрлөрүнө  кол салуудан дагы аянбашы мүмкүн.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар