К.Булатов: Саясий туткундар тез арада бошотулсун

Кыргызстанга эмгектери сиңген, эл баалаган бир топ саясатчыларды мыйзамсыз камакка алган үчүн жооп берет турган учурга аз калды көрүнөт. Акыркы Текебаев, Чотоновдун сотунда күбө катары көрсөтмө берген  үлкөн саясатчылар, Текебаевдин пара алганына бир дагы далил жокитугун ырасташты.

Ошол эле маалда бардык саясый күчтөр биригип, бир чоң күчкө айлана баштаганын көргөздү. Атамбаевдин доору бүтүп баратканын айкындашты. Атамбаевдин буюртмасы менен болуп жаткан иш экенин ачыктан ачык коомчулукка жете баштады. Жөн жеринен бир далай оппозициялык саясатчыларды кылмышкер пара алган, адам уурдоо, мамлекеттик  төңкөрүшкө даярданган, адамдын өмүрүнө кол салган деп бүткүл элге КТР, 5 каналдан  жар салып, далилсиз камакка алган үчүн ким жооп берет?  Абдил Сегизбаев жооп береби?

Бул өзгөчө оор кылмышка бийликте тургандардын баарыңар жооп бересиңер. Мындай чала сабат, кызмат абалын пайдаланып, ушактын негизинде, аттуу- баштуу саясатчыларды камаганы өзгөчө оор кылмыш.

Атамбаев унутпаса керек, Бакиев партиялаштарын, колдоочуларын канчасын кугунтукка алганын. Ошондо Алмаз Шаршенович улам-улам интервью берип, Бакиевге каршы эмне гана сөздөрдү айткан эле!?

Бакиев мага президент эмес деп айтканыңызды эстеңизчи. Эми өзүңүз өлкөнү башкара албай калганда, чындыкты бетке айткандарды душман кылып, камакка алып жатасыз.

Алмаз Шаршенович, элди коркутуп койсом, саясатчылар коркуп калат дебеңиз. Ооба Алмаз Шаршенович коркутса болот, Бабанов, Жапаровко окшогон байларды, алар керек болсо чийинге кире качат. А бирок Садыр Жапаров, Текебаев, Чотоновко окшогон саясатчылар эч качан коркуп калбайт, алар кайра курчуйт.

Текебаев Польшада бийликтини матрёшкасына салынган героини менен кармалганда Польша текшере коюп, тез аранын ичинде камактан бошоткон. Мен укук коргочу катары билип эле турам, бул пара алды деген сценарий жетинчи кабаттан ойлонуп чыккан жалаа. Мындай кадамыңар алыска алпарбайт. Абийириңер төгүлдү, өз элиңерге каршы чыктыңар, кайсы жүзүнөр менен элиңерди карайсыңар?

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар