К.Булатов: Саясий элита саясий туткундарды унутпагыла!

Атамбаевдин бийлиги аяктап келе жатканда, өтө эле активдешип бир далай саясый куугунтук уюштуруп жиберди десек жанылышпайбыз. Мыйзамсыз өч алуу жүргүзүп жатканы ачык эле көрүнүп жатканы өкүнүчтүү. Эң биринчилерден Нариман Тулеевди жалган жалаа  менен соттоп, мүлкүн мыйзамсыз тартып алып,  кыянаттык  кылышты. Мелис Мырзакматов жаратмандыгынын курмандыгы болду. “Мелиске эл ооп кетти” деп коркушуп, жалган кылмыш иш токуп сыртынан кесип жиберишти, бийлик жузукаралыкка барды. Акматбек Келдибековду торго салууга катуу аракет жасалды, бирок Алай элинин колдосу менен туткундан бошоду.

Саясый куугунтукка жалган жеринен  Кубан Кадыров, Эрнест Карыбеков, Талгарбеков, Бектур Асанов кабылып,  соттук териштирүүлөр жабык өтүп, зордук менен соттоп жиберишти.

Садыр Жапаров президентик шайлоого катышууга ниеттенип келе жатса, чек арадан кармап камап, жалган кылмыш иш менен соттоп жатат. Ал эми оппозициянын чордонун тузгөн  КР. ЖК депутаттары Текебаев, Шыкматов, Салянова.экс министр Чотоновдорго жалган кылмыш иш козгошуп, жалган жалаа менен жаза алуу алдында турушат.

Сот жүрүшүндө Текебаевге коюлган айыптардын бир дагы далил жок болгону көрүнүп турат. Баары жалаа,  имиш, ушак сөздөрдүн негизинде тергөөдө токулганын ачыкка чыгып отурат.

Садыр Жапаров, Текебаев, Чотоновду тез аранын ичинде камактан бошотуу  мыйзам талабы. Адамды күнөөсүз камоого алган оор кылмышка жатат жана мыйзам чегинде күнөөлүүлөр жазаланат.

Эгерде саясий туткундарды азыркы саясый элитабыз, президент болом деген кандидаттар унутуп, бийликтин өкүмзордугуна айбат көргөзбөсө, анда өздөрүнүн башына мүшкүл тушөт.

Атамбаев бийлигине ишенүү өтө опурталду. Атамбаев кулк мүнөзү опурталду экенин көргөзө алды. Мыйзамды жана Элди сыйлабастыгын көргөзө алды. Атамбаев эл алдында ойду- тоону сүйлөп, калпты көп айтууну өнөргө айлантып алды.

Бир убакта эл сүймөнчүлүгү болгон Атамбаев бийликке келгенде ажыдаар боло каларын ким билиптир? Мунун аягы өтө кайгы менен бүтөрүн сезбей жатат. Демократия, сөз эркиндиги деп жүргөн Атамбаев өзгөрүлүп бийликти туура нукка бурбай, чачыранды саясат жүргүзүп, экономикалык кризиске кептеди.

2120 сом пенсияга ким жашай алат?

Укук коргоочу Качкынбек БУЛАТОВ

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар