К.Булатов: Оппозициялык талапкерлер атайын катталбады

Президенттик шайлоо алдында айрым саясий лидерлерди жалган жалаа менен камап, камоого үлгүрбой калганын БШКнын колу менен мыйзамсыз кемтик таап,  талапкерликтен алып таштоосу коомчулукта нааразылыкты пайда кылбай койбойт.

Ахматбек Келдибековдун талапкерлигин алып таштаганы бир дагы мыйзамга сыйбайт. БШК документтерин алаар алдында эле эмне үчүн Ахматбек Келдибеков “биз сени каттабайбыз, сенин күнөөң бар, эл колдоосуна ээ болуп бийликке тоскоолдук жаратасың” деп эле ачык айтса туура болмок.

Убара кылып  каражат жумшатып кол чогултуруп, аягында кандидаттыгын алып таштаганы мыйзамга туура келбейт. Ошондой эле бийликтин талапкерине шайлоодо тоскоолдук жарата албай турган кандидаттарды каттап, ал эми эл колдоосуна ээ болгон саясатчыларды каттабай, шайлоодон сүрүп салганы шайлоо жараянынын адилет жана акыйкат болушунан күмөн жаратып жатпайбы!

Бийликтин мыйзамсыз ишин сындап жүргөн Рита Карасартованы шайлоого катыштырбоо аракети алдын ала белгилүү болчу…

Ахматбек Келдибевков акыйкат издеп сотко кайрылам деп турат. Бирок соттор бийликтин буйругу, айтканы менен болуп жатпайбы. Азыркы маалда сот аркалуу акыйкат издөө, акылга сыйбаган иш болуп калды.

Укук коргочу Качкынбек Булатов

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар