К.Булатов: Коррупцияга аралашуу өкмөттүн колун, тилин кыскартты…

Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү орногондо гана бардык тармактардагы маселелер өзүнөн өзү эле чечиле баштайт. Өлкөнүн экономикасы, социалдык камсыздоолор тийиштүү деңгээлде жүзөгө ашырылып, бир далай көйгөйлүү маселелер жоюлмак. Мамлекетте көп тармактуу өндүрүш пайда болуп, экономикалык өнүгүүгө секирик болмок, бул далилдүү факт. Мыйзам үстөмдүгү мамлекеттин аброюн жогорулатып, уурулукка, паракорчулукка бөгөт коюлуп, көмүскө экономика ашкереленип, өлкөнүн бюджетине эбегейсиз каражаттар түшө баштаары белгилүү. Өнүккөн мамлекеттерде ар бир адамдын укугуна өтө маани бурулганы эч кимге таң калычтуу эмес. Кыргызстандын эли эгемендикке ээ болгондон бери эле өнүккөн  өлкөлөрдү тамшана карап, “биздин өлкөдө деле сот, прокуратура, күч органдары мыйзамды бузбай, өз ишине кепил болуп, иш жүргүзсө” деп үмүт кылганы менен, тилеги таш каап келет. Өкмөт ишкерликти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, жеке ишкерлерге бизнес секторун илгертүүсүнө колдоо көрсөтүп, функционалдуу милдет катары иш жүргүзсө, орустар айтмакчы, “муз ордунан козголуп”, иш алдыга жылары шексиз. Албетте, өкмөт тарабынан бул багытта токулган токтомдор арбын болгону менен кагаз жүзүндө калбастан, ишке ашырылышы зарыл. Демократиянын улуу дөөлөттөрүн колдоно билсек, кең пейил кыргыз элинин байгерчиликте, жакшы жашоосуна  бардык шарттар түзүлөт. Эмне үчүн биздин өлкөдөгү президенттер бийлигин таза жүргүзбөй, жеке кызыкчылыгын көздөп, уурулук менен алек болушат?

Өз элинин касиеттерине шек келтирип, ар-намысын тепсеп,  элин тентитип, байлык үчүн адам өлтүргөнгө, чыныгы саясатчылардын өмүрүнө кол салууга чейин барып, байлыгын алып койгонго жеткен ажо каргышка кабылды десек жаңылбайбыз. Бүгүнкү күндө мамлекетке киреше түшө турган акча каражаттын кымырып, өз элин кыйнап, жалган жалаа менен далай саясатчыларды каматкан экс-ажо беттырмарлык кылып кайрадан бийликке келүүгө аракет кылып жатканы өтө өкүнүчтүү. Атамбаев анын өзүн бийликке алып келген саясатчыларды камады, андан кандай пайда тапты? Эми анын ашмалтай жорук-жосунуна күбө болгон алардын үй-бүлөсү гана эмес, бүтүндөй кыргыз эли күнүгө үч маал каргышын айтып, акыры үндөрү Кудайга жете тургандай болду.

Укук коргоочулар тарабынан коррупция жаатында ондогон макалалар жарыяланды, башкы прокуратурага арыз менен дагы кайрылдык. Ишенип койгула, башкы прокуратура имитация кылууну гана үйрөнүптүр. Бир дагы ишти оң жагына чечишкен жок. Ал эми Өкмөт көшөгө артында кенен эле уурулук кылып олтурганын жашыруу мүмкүн эмес. КРнын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетика комитетинин республикалык гезиттерге, маалымат сайттарына жарыяланып жаткан макалаларга эч бир реакция кылбаганы же болбосо вице-премьерге же премьер-министрге өз жообун билдирип койбогону, алардын ишине карата күмөндүү ойлорду жаратпай койбойт. Болбосо өкмөттө өкүм сүргөн уурулук фактылары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай айтылып келет. Өкмөт тарабынан “өнүгүүгө кадам таштадык” деп канчалык айтылбасын, ал кыймыл-аракет ишке аша элек. Ырасында, бийликке келерде ажо же өкмөт башчы деле мамлекеттин оңолушуна салым кошоюн деген ниет менен келет.  Бирок, бийликке келгенден кийин кызыл кекиртеги кыйла жерге секиртип, акча топтоо менен алек гана алектенип калаарын мезгил өзү көргөзүп жатат. Болбосо, “балык башынан сасыйт” болуп, уурулукка жол көргөзүп, пара алып көндүрүп койгондон кийин мамлекетти башкаруу кыйынга турат эмеспи. Ошондуктан, биз Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кызматтык ишин таза жүргүзсө деп тилеп, илгери үмүт артып келебиз.

Жакында Тогуз-Тородогу алтын ылгоочу «Джи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бут тосулуп, комбинатты курууга каршы элди көтөрүп, алданган эл компанияга кол салып, ишканага материалдык жана моралдык зыян келтирилди. Биз мындай кырдаалды алдын ала жалпыга маалымдоо каражаттарына коңгуроо кагып, баштапкы уюштургандарды ачыкка чыгарсак дагы күч органы көрүп — билип туруп юридикалык баа бере алган жок. Мамлекетте экономикалык диверсия болуп жатса, өкмөт тарабынан реакция болгон жок. Демек, ушундан улам өкмөттөгү айрым аткаминерлердин ишти терс нукка бурушуна кызыкчылыгы бар деген күмөн ой туулат. Анткени, 33 адамга кылмыш иши козголуп, тергөө башталары менен кайра токтолуп калганы өзүнчө парадокс. Ошол 33 адамдын ичинде өкмөттүк кызматта иштеген адамдар митингди уюштуруп, “24” маалымат агенттиги аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратышкан. Эң эле таң калыштуусу 33 адамды тергөөгө алгандан кийин, өкмөт башчы эмне үчүн Тогуз-Торонун акиминин үстүнөн кызматтык териштирүү жүргүзгөн жок. Балким, колдогон кожосу бар үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Т.Идирисов өкмөттүн буйрутмасын аткарып жаткан чыгаар? Себеби, өлкөдөн алтын концентратын сыртка алып чыгуу үчүн өкмөт тарабынан лицензияга кол коёрдо ири суммадагы долларлар тымызын берилип турары айтылып эле келет. Мындай мисалдар арбын, Бишкек ЖЭБдагы, Датка Кеминдеги, Жогорку Нарын каскадын куруудагы ашыкча сарпталган акчалар, Орловкадагы Алтын кен фабрикасын курганга кошумча 150 миллион доллар ашыкча жумшалганы, жол салууда ж.б. ири долбоорлорго  чоң көлөмдөгү ашыкча акча каражаттары бөлүнүп, уурдалып жатышы айтылып да, аныкталып да келе жатат. Ушунун баары мамлекетти башкарган бийликтин коррупцияга аралашканынын, Өкмөттүн жеке пайдасы үчүн уурулукка барып, мыйзамдын чегинен чыгып кеткенин далили. Эгерде ушундай уурулук жол өкүм сүрүп, күч ала берсе, акыры мамлекеттин экономикасы гана ыдырабастан, өлкө өзү түп-тамыры менен жок болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Күч органдары кылмыш ишин Ак үйдүн уруксаты менен жүргүзгөнү акылга сыйбаган көрүнүш. Бийликтин мыйзам чегинен чыгып, мыйзамды бурмалаганы сөзсүз коомго терс таасирин тийгизет. Коом дагы бузулуп, акча чыккан жердин сөзүн сүйлөп, баш аламандыкка барып жатканы өкүнүчтүү, ал эми мындай кырдаал Кыргызстандын өнүгүүсүнө сокку берет, муну бийликтегилер  унутушпаса. Азыркы убакта инвесторлор тобокелге салып алып келген акча каражаттары күйүп кетпеши үчүн мыйзамдуу жолго көнбөгөн бийликке мыйзамсыз жол аркылуу жетип, пара берүүнү дагы колго алат, ал эми мындай көрүнүш, тилекке каршы, коомубузда кездешээри айтпаса дагы белгилүү.

Укук коргоочулар- Анарбай Орозов, Тургунбаева Базаркул, Азим Токоев, Качкынбек Булатов.

 

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар