К.Булатов: Коркутуу шартында адилет шайлоо кантип болот?

2016 жылы 30-сентябрда “Супер инфо” гезитине Даниэл Кадырбековдун макаласы жарыяланган эле. Жаш саясый серепчи ошондо эле президент Атамбаевдин  башкаруусунда ири кемчиликтердин белгилеген.  Мамлекеттеги кызматка дайындоо системасы дайыма “патрон клиент” же “сен мага мен сага” принцибинде иштеп калганын айткан.

Ошо чабал кызматкерлер бийликтин жогорку тепкичин ээлеп алып, мамлекетте жарытылуу иш жүргүзбөй келатканы жалган эмес.

25 жылдан бери, заманбап мамлекет кура алган жокпуз.

Өлкө башчысында бир дагы прогрессивдүү идея болбоду. Тескеринче феодалдык көз караш күчөп,  кошоматчылык өркүндөдү.

“Он колу” болуп келген билимсиз шопуру, жан сакчы, секретарлары жогорку кызматтардга дайындалды.   Бакиевдин — акаевдин кадрларын чогултуп алды.

Өнүккөн өлкөлөрдө билимсиз, чала сабат адамдарды жооптуу кызматка жолотпойт. Аларда мамлекеттик кызматка кесипкөйлөр келет.

Коомчулуктагы  наразычылык үндөрүнө президент Атамбаев такыр реакция бербей калды. Тилекке каршы мыйзамсыз кадамдар көп жасала баштады. Балким Атамбаев бийликте калыш үчүн атайын провокацияга барып жатабы деген ой кетет.

Белгилүү саясатчыларды жалган жалаа менен камап, чагымдын очогуна от салып жаткан жокпу? Анткени мындай кадам элди козутуп, анан эл көтөрүлсө, дароо “чрезвычайный” кырдаал жарыялап, өзү бийликте кала берүүнү көздөп жатабы деп ой кетет экен.

Маселен,  жалган жалаа менен 14 саясатчы камалды,  элге белгилуу Ахматбек Келдибековду  талапкер катары каттабай коюш аракети кооптонуу жаратат.

Атамбаев  жеке өзүн мактаган маалымат каражаттарын калтырып,  калгандарын жаап, сөз эркиндигин тизгиндеп, демократиядан тайып баратат.

Муну феодалдык башкаруу системасын түзүү аракети деп бааласак туура болот.

Президент өзү мыйзам бузуп,   шайлоо үгүтүн жүргүзө баштаганын кандай түшүнсөк болот?

Президенттин коркутуп сүйлөгөнү да кооптонуу жаратат. Кооптуу шартта кантип акыйкат шайлоо болсун?

 

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

 

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар