К.Булатов: Атамбаев доорундагы “уурулуктар”…

Атамбаевди бийликке келүүсүнө оппозициядагы саясый  элита салымын кошкон. Ошол убакта оппозиция эл колдосуна ээ болгонун кантип танабыз. Ошо оппозициянын колдоосу менен Атамбаев бийликке келди эле. Ал эми бийликке келгенден кийин, Атамбаев колдоо көргөзгөн өнөктөштөрүн куугунтукка алды.

Ал көрүнүктүү саясый лидерлер менен акыл калчашып,  ачык атаандашууга акылы жетпесин түшүнгөн. Андай саясий таймашта  уттуруп каларын сезип, аларды саясий талаадан карөзгөйлүк менен сүрүп чыгара баштаган. Коррупциялык иштери  ачыкка чыга баштаганда айласы кеткен Атамбаев кызмат абалын пайдаланып атаандаштарын жөн жеринен түрмөгө камоого киришти.

Күч органдарын пайдалануу менен парламентти чөгөлөтүп, куурчакка айланты. Өзүнүн тегерегине кылмыштуу топту бийликке алып келип, өлкөнүн ашмалтайын чыгарып анархия алып келди. “Шоопурга” окшогондор  же жан сакчылар Атамбаевдин колу менен бийликти ээлешип, өлкөнү ири зыянга учуратышты.

Эми Атамбаев мезгилиндеги алкы бузулган  уурулук чекесинен чыгып келе жатат. Датка – Кемин  электр линиясы, Ош – Бишкек альтернативдик жолу, Бишкек ЖЭБи жана «Электрические станция», Кумтөрдөн миллиарддаган акчалар тонолгону, Газпромду 1 долларга сатып көз каранды кылганы, Орловкадагы «Алтынкен» компаниядан желген акчалар, жең ичинен Жерүй кенин сатканы,  аэропорт Манастагы былыктар, Дача судагы авария, Дастан заводун тегерегинде уурулук, Мамлекеттик мүлк фондусунан жүздөгөн миллион сом акча желгени, жерлерди басып алганы, бажыдагы дагы милиарддаган сомдордун уурдалганы жалган эмес.

Дагы мындан башка толгон токой көмүскөдө кылмыш иштер ачылуу алдында турат. Атамбаев жалгыз өзү ушунча уурдай алмак эмес. Атамбаев жанында эң жакын жасакерлери болгон.

Атамбаев 2010- жылдагы Ош, Жалалабад коогалаңдын тиешеси деп айтылат. Канга тойбогон Атамбаев  чек арадан өтүп келеткан 11 уйгурду сурак- жоопсуз аттырып таштаган.

Түрмөдөн тогуз адам качканда 8ин кыйнап  өлтүрүүгө уруксат бергени эмненин белгиси? Бул Кыргыздын тарыхында ири кылмыш. Жакында Тогуз- Тородогу комбинатка өрт койгондордун башында Сапар Исаков башында турат деген шек бар.

Бул кылмышка жооп бере турган убакыт келди. Тогуз -Тородогу окуяга район жана областык админстрация башчылары, областык жана райондук күч органдары,  прокуратуранын  жоопкерчилиги бар.

Атамбаев шопур, жан сакчы киллерлери менен эми тарых таштандысында калды. Атамбаев уурдаган акчаларын казынага төгүп, элден кечирим сураса да эл кечирбейт. Атамбаевдин кылмыштары далилденди, чекесинен ачыкка чыга баштады. Атамбаевди колдогон уурулардын жүздөрү ачыкка чыгууда. Мына Аида Салянова башкы прокуратураны башкарып турганда 100 миң доллар пара алып Арпачиев деген прокурор  кармалган. Индира Жолдубаеванын кол астында иштеген прокурор Улан Чалбаев 200 миң доллар пара менен кармалды.

Эми Сооронбай Шарипович саясый туткундарды бошотуш керек. Сооронбай Шарипович Өзбекстандын президентти Шавхат Мирзиёев Каримовдун убагындагы саясий туткундарды, укук коргоочуларды бошотуп жатта. Ал ошондой эле кызмат абалынан пайдаланып ири уурулукка баргандарды камакка алып, уурдаган акчаларды толук төлөтүп жатат. Алардын хан сарайларын алып, андан кийин бошотуп, эми бир дагы кызматка иштей албайсын, бар эл арасында таза оокатыңды кыл деп жатыптыр. Бул акылмандык. Сооронбай Шарипович дагы ушундай кадамга барса деген тилек. 

Качкын Булатов

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар