К. Бакиев Минскиде, бирок партиясы катарда…

Өкмөттүн 21-июндагы маалымдоосу боюнча, Кыргызстанда Юстиция министрлигинде 228 саясий партия катталган. Ал партиялардын катарында сырттан көп жылдарга кесилген, өзу учурда Минскиде жашап жаткан мурунку президент Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясы да бар. Партиянын уюштуруучусу катары да Курманбек Бакиев аталган.

Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн 228 саясий партиянын аз гана бөлүгү саясий талаада активдүүлүгүн көрсөтүп келатат. Парламентте болсо алты саясий партия бар. КСДП, “Республика-Атажурт”, “Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс”жана “Бир бол” партиялары.

Бийликтин КСДПынын жооптуу адамы катары Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков көрсөтүлгөн.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар