Искендер келатат, баарын иритпейби?

Искендер Гаипкулов деген бар. Интриганы жасоо жагынан алдына эч кимди чыгарбайт. Аны бекер жеринен башкы интриган деп атап коюшпайт. Шайлоо башталгыча эле Сариевди колдой тургандардын сап башында жүрүп, ортолоп калганда ойт берип башка тарапка ооп кетти. Мындай ооп кетүү Гаипкуловдо биринчи жолу болуп жаткан жок. Ар шайлоодо эле ушул жүрүшүн карманып келет. 2010-жылы парламенттик шайлоодо дагы башында “Республика” партиясына иштеп, аягына келгенде “Ар-Намыска” секирик жасап, ал тургай республикачы балдарды дагы ошол жакка иштөөгө үндөгөнү айтылган. Текебаевге чыгарылган райондук соттун чечимин шаардык сот күчүндө калтыргандан соң, тизме боюнча мандатынан ажыратыла турган Текебаевдин ордуна дал ушул Искендер Гаипкулов келиши керек. Үзүлүп-чачылып кетүү коркунучунда турган “Ата-Мекен” Гаипкуловдун келиши менен интригага малынып, чорт кетпейби?

«Жаңы ордо»

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар