Иран маселеси…

Иран исламга таянган “өзгөчө” демократиялык режим курган мамлекет. Бул өлкөдө президент шайланат, парламент шайланат. Өкмөттү президент түз башкарат. Болгону жогорку лидер-рахбардын алмашуусу татаалдаштырылган.

1978-жылкы Иран ислам ыңкылабынан кийин жогорку рахбарлыкка аятолла Хомейни келген. Андан кийин бул кызматка Али Хаменейи шайланган.(Бул жогорку жетекчи Эксперттер кеңеши тарабынан шайланат.) Рахбарда азыркы кыргыз президентиндей ыйгарым-укуктар бар. Ал Куралдуу күчтөрдү башкарат, Атайын кызматтын башчысын, сотторду дайындайт дегендей…

Кандай деген күндө да Иранда демократия бар. Бул өлкөгө салыштырмалуу АКШ абдан эле колдоп жаткан Сауд Аравиясы баш болгон өлкөлөрдө демократиянын жыты да, изи да жок…

Ирандын башка проблемасы бар. Ал анын өз алдынча тышкы саясат жүргүзүүсү. Мына ошол өзүнчө көз карашы бар жана кубаттуу Иран Жакынкы Чыгыш маселесинде Израиль жана АКШнын “кокосуна” сайылган коко тикенек.

Кошмо Штаттардын азыркы президенти Трамп Иран жана ири алты мамлекет түзгөн ядролук келишимди жокко чыгарып, Тегеранды кайрадан бурчка такоону көздөдү эле-ага келишимге кол койгон Европа мамлекеттери жана Орусия жол берген жок.

Бул максаты ишке ашпай калгандан кийин АКШ жана Израиль тынып калган жок. Өткөн жылдын соңку айларында Вашингтондо АКШ менен Израилдин ортосунда Иранды ооздуктоо боюнча жашыруун келишимге жетишилгенин Израилдин маалымат каражаттары кабарлаган. Мына ошол кабардан көп узабай, 28-декабрдан тарта Иранда нааразылык акциялары тутанып, андан 20дай адам өлүп олтурат.

Трамптын жана Нетаньяхунун чырагына май тамды. Иран жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыю салган Трамп нааразылык акциясына чыккандарды коргоп, колдоп чыкты?!…

Албетте, өнүгүп келаткан өлкө катары Иранда социалдык-экономикалык проблемалар жок эмес болуш керек. Бирок андагы окуяларга өзгөчө бир өң-түс берип, дүйнөлүк маалымат каражаттарында каралоо өнөктүгү жүрүп жатканы ак-караны аңдоого түрткү бериш керек…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар