Империя соккусу…

Владимир Путиндин бийликке келиши менен кыйла бекемделген Орусия дүйнөлүк саясатка батыл аралашып, керек жерде өзүнүн кызыкчылыгын курал менен коргоодон тартынбай калды. Буга Москванын Грузия, Молдовадагы согуштарга аралашуусу, андан кийин  геосаясий мааниси олуттуу болгон Украина жана Сирия жаңжалдарына кийлигишүүсү мисал.

Бул “кансыз согушта” жеңишке жетиштик деген АКШ жана анын батыштагы союздаштарына эч жага бербей жатат.

“Орусия өзүнө ушунчалык ишенип алгандыктан ал АКШдагы 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишип, биздин демократияга шек келтирди” деп Кошмо Штаттар катуу убайымга түшүп турган чагы.

Вашингтондун убайымга түшүүсүнө башка себептер да бар.

Биринчиден, Орусия финансы-экономикалык жактан да бир топ ирденип алды. Ошого жараша Куралдуу Күчтөрүн бекемдеп, аны жаңы курал-жарактар менен камсыздап жатат. Албетте, анын технологиялык жактан батыштан артта калуусу кала берүүдө.

Ушунчалыгында Орусияны өз ордуна коюу үчүн Кошмо Штаттар абдан катуу киришүүдө. Муну империянын соккусу деп атоо туура.

Адегенде, Америка жана Европа Орусияга каршы финансы-экономикалык санкцияларды жарыялады. Спортсмендерин олимпиадага жолотпой, алган медалдарын тартып алып, моралдык жактан да чүнчүтүүдө. Булардын баары Москвага анча таасир эте бербегендиктен Вашингтон башка-башка чараларга өтүп жатат.

Кечээ күнү, 30-январда көптөн бери абдан катуу рекламаланган “Кремль доклады” деген документ жарыяланды.  Ага орус президенти Владимир Путинге жакын адамдар, алардын бизнестери, коррупциялык жол менен тапкан акчалары жарыяланат деп айтылган. Бирок “Кремль докладында” андай нерсе жок болуп чыкты.  Ага Орусия президенттик администрациясынын башчы Антон Вайно, өкмөт башчы Дмитрий Медведев баш болгон министрлер, жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлер жана ишкерлер, жалпысынан 210 киши киргизилген. Кыскасын айтканда, Путинден башкасы баары бар.

Орусиянын либералдык чөйрөсү жана батыш маалымат каражаттары “Кремль доклады” жарыяланат, аны менен Путинге жакын ишкерлер АКШ баш болгон батыштын бутасына алынып, алар сыртка чыга албай тургандай болуп калат. Батыштагы мүлкү жана акчасынан ажыроодон корккон олигархтар жана таасирлүү адамдар Путинден оолактай баштайт”-деп алаканын ушалап жатышкан.

Доклад жарыялангандан кийин ал орус байларын санаган Форбес журналын эле көчүрүп алыптыр,  тизме абдан калпыс түзүлүптүр деген баалар батыштын өзүнөн чыга баштады.

Кандай болгон күндө да Кошмо Штаттар Орусияга кыр көрсөтүп, аны ордуна коюуга бар күчүн жумшап калганы байкалат. Бул тирешүүдө Орусия дагы оңой жоо эмес. Бирок Кошмо Штаттар алда канча кубаттуу.

Маселен, эки мамлекеттин ички дүң продукциясын салыштырып келгенде эле АКШнын ИДПсы 10 эселеп көп экендиги көзгө урунат. Белгилүү болгондой, Орусиянын ИДПсы 1.5трлн.го жакын болсо, АКШныкы 19 трлн.го жакын.  Финансы, илим-технология жагынан Кошмо Штаттар алда-канча алдыда.

Ошондуктан бул тирешүү эмне менен аяктайт, ал эмнеге алып келет деген сыяктуу суроолор жооп күтүп турат…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар