ИИМ күчөтүлгөн тартипте иштейт

Жаңы жыл майрамдарына байланыштуу Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат кылууга киришти. Майрам күндөрү республика калкынын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилген күчөтүлгөн тартип 30-декабрдан -1-январга чейин созулат. Ага 8 миңден ашуун милиционер тартылат. Бишкекте болсо 2.5 миң милиционер жана ыктыярдуулар кошуундары күзөткө чыгат.

Ички иштер министрлиги калк көп топтолгон жерлерде курал-жарак, адам ден-соолугуна зыян алып келүүчү нерселерди алып жүрүүгө катуу тыю салынганын эскертет.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар