ИИМ башкармалык эмес, кызматтар менен башкарылат

Ички иштер министрлигинде алты өз алдынча кызмат түзүлдү. Алар Криминалдык милиция кызматы, Баңги заттарынын мыйзамсыз айлануусуна каршы күрөшүү кызматы, Ички тергөө кызматы, Тергөө кызматы, Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы жана Коомдук коопсуздук кызматы.

Бул кызматтардын жетекчилиги да дайындалды. Криминалдык кызматты Нурмат Болпонов, Баңгизаттарына каршы күрөшту Азамат Араев, Ички тергөөнү Скандарбек Көчөрбаев, Тергөөнү Талантбек Үмөталиев, Экстремизм жана мыйзамсыз миграция Улан Бийбосунов жана Коомдук копсуздукту Сапарбек Асаналиев  жетектейт. Булардын баары милициянын полковниктери.

Ички иштер министрлигинде башкармалыктарды жоюп, алардын ордуна өз алдынча болгон кызматтарды түзүү боюнча жардык президент Атамбаев тарабынан өткөн жылы чыгарылган.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар