Иерусалим маселесинде БУУнун колунан эч нерсе келбейт…

АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалим шаарын Израилдин борбору деп таануу тууралуу чечимин 7-ноябрда  жарыялады. Ал ошондой эле АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге которууга даярдык көрүүнү Мамлекеттик департаментке тапшырды.

Иерусалим шаарынын чыгыш тарабын келечектеги Палестин мамлекетинин борбору деп жарыялоо планы эл аралык коомчулук тарабынан каралып келген.

Израилдин ачык асман алдындагы абагында жаткан миллиондогон палестиндер борбору чыгыш Иерусалим болгон көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүүнү өткөн кылымдан бери эңсеп келатат.

Трамптын чечими болсо палестиндердин эңсөөсүн жана эл аралык коомчулуктун пландарынын ташын талкан кылат.

Иерусалимдин чыгышын Израиль 1967-жылдагы жети күндүк согушта басып алган. Ал согушта Израиль АКШ жана Батыштын жардамы менен араб өлкөлөрүн талкалап,  көп жерлерин басып алган. Анын ичинде Палестин жерлери, Сириянын Голан бийиктиктери жана башка жерлер Израилдин колуна өткөн.

Кошмо Штаттар дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекет. Ал эч ким жана эч кайсы тарап менен эсептешпей өз билгенин жасай алат. Анын үстүнө анын башында учурда Трамп аттуу “бизнесмен” турат. Ал президенттикке аттанып жаткан мезгилде эле Иерусалимди Израилдин борбору катары таанууга убада кылган . Ал убадасын Трамп аткарды.

Бириккен Улуттар Уюуму, анын Коопсуздук Кеңеши АКШнын бул кадамын талкуулоо үчүн жыйын чакырды. Бирок алар эч нерсе кыла албайт. Коопсуздук Кеңеш кандайдыр бир чечим кабыл алууга да жарабайт. Анткени АКШнын вето коюу укугу бар.

Европа Биримдиги, Орусия Трамптын чечимин айыптады. Бирок…

Мусулман өлкөлөрү Трамптын чечимине эмнеге каршы?

Иерусалим келечектеги Палестинанын борбору эле эмес, мусулман дүйнөсүнүн үчүнчү ыйык шаары катары саналып келет. Ал жерде Аль-Акса мечити жайгашкан. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейсалам Иерусалимден Жабраил периште менен асманга учуп, Жараткандын кереметин көргөн.

Иерусалим христиандардын да ыйык шаары эсептелет. Иса пайгамбар жашаган, соттолуп, крестке кагылып, каза болгондон кийин кайра тирилип, Жаратканга кеткен шаар катары кадырланат.

Иерусалим жөөттөр үчүн да эң ыйык шаар жана борбор.

Трамптын чечими чоң кагылыштарга алып келет деп эскертилүүдө. Ал кагылыштарда куралсыз палестиндер жабыркайт жана кырылат.

Аны Трамп жана Израиль жакшы билет. Ошондуктан алар эч нерсеге карабай өздөрүнүн жеке максаттарына баратат…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар