И.Масалиев сотко кайрылат

Борбордук шайлоо комиссиясы Исхак Масалиев кол топтоо баракчаларын шайлоо фондуна акча салбай чыгарган  деген кине менен топтолгон колдордун көпчүлүгүн жараксыз деп тапкан. Мына ошону менен анын талапкер болуп расмий катталуусуна жол жабылууда.

Исхак Масалиев БШКнын мындай чечимин мыйзамсыз деп атап, аны сотко берерин Элньюска 5-сентябрда билдирди. Анын айтымында, ал актай баракчаларды шайлоо фондуна кириштеген. Мына ошол актай барактарды үйүндө ксерокопиялап, шайлоо баракчаларын чыгарган. Ошондуктан бул жерде БШКнын чечими мыйзамсыз, дейт Исхак Масалиев.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар