ГЭСтер боюнча Доддун жомогун “Liglass” улантабы?…

Президент Алмазбек Атамбаев 19-июлда Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды колдонуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Президенттин маалымат  кызматынын кабарлоосуна караганда, жолугушууда Зилалиев президентке кышка даярдык жана энергетикалык системанын иши боюнча маалымат берген. (Конституция боюнча бул иштердин баары өкмөткө жүктөлгөн?!).

Зилалиев ошондой эле Чехиянын «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы менен Жогорку Нарын каскады жана башка ГЭСтерди куруу боюнча келишимдин аткарылышы жөнүндө да маалымат берген.  Ал келишимди аткаруу боюнча биринчи кадамдар жасалып жатканын, чехиялык компаниянын инжинердик тобу Жогорку-Нарын ГЭСтери курула турган жерде болуп, таанышуу иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Атамбаевдин бул маселеге өзгөчө көңүл буруп жатышынын  себеби бар. Анткени  Жогорку Нарында Орусия менен ГЭСтерди куруу келишими ишке ашпай, Атамбаев осол болуп калган (көп үмүт арткан “Русгдиронун” башчысы Евгений Додд алдап кетти). Экинчиден, эми мына инвестор табылды, болгондо да Европадан келди деп жатканда, ал инвестордун капчыгы бош, өздөрү банкрот экени тууралуу маалыматтар чыгууда.

Мына ошол банкрот, ГЭС курууда эч кандай тажрыйбасы жок чехиялык компания менен келишимге президент Атамбаевдин катышуусу менен Дүйшөнбек Зилалиев жана “Liglassтын” башчысы Михаел Смелик 10-июлда өкмөт үйүндө кол койгон. Келишимге ылайык чех тарап 2019-жылдын 30-декабрына чейин Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын «Орто-Токой-1», «Орто-Токой-2», «Папан», «Чоң-Аксуу», «Киров», «Карасуу сол тарап-1», «Карасуу сол тарап-2» чакан гидроэлектростанцияларын  курууга тийиш.  2020-жылдын акырына чейин «Сандык-1», «Сандык-2» и «Сандык-3»  чакан ГЭСтерин куруш керек.

Жарандык активист жана саясатчы Эдил Байсалов өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Ал, “Liglass Trading фирмасы “жүгүртүүдөгү 2 миллиард АКШ доллары” жана “жалпы кубаттуулугу бир гигаватт” тууралуу маалыматы калп экендиги айныксыз далилденди. Компаниянын Чехия, Армения, Орусия жана Италияда ГЭС куруу жана ал жерлерде ишти уюштуруу тууралуу маалыматтары да жалганга чыгууда. Бул жигиттердин жадесе отурчу жери да жок экен, гидроэнергетика боюнча адистери тууралуу кеп кылбай эле коёлу. Факт ушундай!

Д. Зилалиев муну төгүнгө чыгарууга аракет кылбай, баарыбызга шашпай күтө турууну сунуштоодо. Мүмкүн болуп калат дейт окшойт. Д. Зилалиевдин иши менен аракети жалпы Кыргызстан элин шылдындоо, басмырлоо болуп жатат!” деген Байсалов келишимди жокко чыгарууга өкмөт башчыны чакырды.

Чехиялык журналисттер “Liglassтын” эсебинде эч каражат жоктугун, алардын ГЭС курууда эч кандай тажрыйбасы болбогондугун аныктап чыккан.

Ошондуктан бул жерде чоң афера, арам акчаны адалдоо аракети жатпайбы деген шек коомчулукта жаралууда.

Мүмкүн, эч каражаты жок компаниянын эсебине Кыргызстанда коррупциялык жолдор менен табылган каражаттар которулуп, ал чет өлкөлүк инвестиция катары келип, ГЭСтерге ээлик кылуу аракети ишке ашып жаткан жокпу деген шек жаралбай койбот.

Чехиялык компаниянын өкүлдөрү  болсо келерки жумада Бишкекте иштери, каражаты тууралуу кенен маалымат берүүнү убадалап жатат.

Эмне дээр экен, күтө туралы…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар