ГЭСтер боюнча чехтер менен түзүлгөн келишимге “Коммерсанттын” баасы

Кыргызстан “Русгидронун” ордуна башка инвестор тапканын кечээ күнү жарыялап, Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди куруу боюнча Чехиянын “Liglass Trading CZ” компаниясы менен 500 млн. долларга контракт түздү. Чехтер Нарын каскадындагы ГЭСтерди эле курбастан, андан башка ондогон ГЭСтерди курууга убада кылышкан. Эгерде Liglass убадасын аткара алса, анда Кыргызстандын эң ири инвестору болуп калат. Ал ошону менен мындан беш жылы “Русгидро” жана “Интер РАОнун” (Камбар-Ата-1 ГЭСин куруш керек эле) ала турган орунду ээлейт. Liglass “Русгидро” короткон 37 млн. долларды төлөп, Жогорку Нарын каскадындагы анын 50% улүшүн сатып алууга даяр.

Энергетика тармагына орус инвестициясын салуу боюнча ишке ашпай калган Кыргызстандагы бул окуя адаттан тышкары окуя эмес. Акыркы мезгилдеги трендди караганда, мурунку советтик өлкөлөрдүн энергетикалык долбоорлоруна орустардан башкасынын баары инвестиция салып жатканы байкалат.

Ошол эле “Русгидро” жана “Интер РАО” Грузия жана Арменияда тариф маселеси менен боюнча алышып, активдерин сатууда, “Интер РАО” Казакстанда көмүргө кызыгуусун токтотту, Тажикстандагы Сангтудин ГЭСин кетирилишкен чыгашалар боюнча гана эске алышат. Ал 2000-жылдары Орусиянын акчасына курулган эле.

ГЭСтер боюнча орустар менен келишим аткарылышы ойдогудай болбой турганына Кыргывзстандын  көзү жеткенден кийин 2016-жылы аны бузууга барган.

Орусия постсоветтик өлкөлөргө инвестиция салууда Кытайдын эми өнүгүп келаткан өлкөлөргө инвестиция салуу боюнча моделин өздөштүрө албады десек болот.

Мындай кырдаалды түшүндүрүүгө болот. Көптөгөн активдер орус экономикасы көтөрүлүп турган убакта сатып алынып, инвесторлор экстенсивдүү түрдө өсүшкө артыкчылык берип, тобокелчиликтер жөнүндө ойлогон эмес. Азыркы кезде рубль менен эсептелген курулуштар кымбаттады. Ал эми жергиликтүү валюталар менен эсептелген жана төлөө жөндөмү төмөн калкка карап коюлган энерготарифтер, дүйнөлүк валюталардын курсу менен кошо өсө албайт. Ошол эле учурда Орусия өкмөтү 2012-жылы Кыргызстанга кеңири мамлекеттик инвестицияларды убада кылып, бирок бюджеттен ал каражатты таппай калды. Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлордун экономикалык эле эмес, саясий да өңүтү болгон. Орусия Орто Азиянын энергетикалык секторунда энергетикалык пайданы эле эмес, Бишкектин Вашингтон эмес Москва менен байланышта болушуну көздөгөн.

КМШнын энергетикасында ири өкмөттөр аралык келишим эмес, чакан иштер теориясы иштеп жатат. “Интер РАО” инвестициялык келишими боюнча соттошуп жаткан ошол эле Грузияга Чехия, Индия, АКШ, Норвегиянын компаниялары акча салып жатат.  Армениянын Воротан ГЭСтеринин каскадын сатып алган америкалыктар “Русгидро” жана “Интер РАОго” караганда тарифтер боюнча ийгиликтүүрөөк келишимге жетишүүдө. Мына ушундай абалда орустардын ордуна Кыргызстандын чехтерди тапканында эч кандай таңкалыштуу нерсе жок.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар