Германия жаңы аскерий учак жасоого киришти

Бул тууралуу Дойче велле кабарлады. Маалыматка караганда, жаңы чабуулчу аскерий учак (истребитель)  бүтүндөй бир система түрүндө болот. Ал бир эле учурда  дрон, аскерий учак, спутник жана командалык пункттун милдетин аткарат. Бул система Аэробус компаниясы тарабынан жасалууда.

Доолбоорду турмушка ашырууга Германия жана Испания киришкен жана ага Франциянын тартылуусу күтүлүп жатат. Future Combat Air System деп аталган жаңы аскерий учак Европанын эски учактарын алмаштырат.

Орусия жана Кытай аскерий учактардын бешинчи муунун жасоо үстүндө иш жүргүзүүдө.

Кошмо Штаттар бул жагынан алда канча алдыга кетип, бешинчи муундагы Ф-22, Ф-35 учактарын колдонууда.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар