Генерал Иманкулов талапкерлер катарына кошулат

Айтылуу генерал Марат Иманкуловдун 3-июлда Элньюска маалымдоосуна караганда, анын президенттикке талапкерлигин коюшун партиялаштары жана генералды жакшы билген мекендештер, мигранттар талап кылууда. Ошондуктан генерал жакынкы күндөрү президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөтмөкчү.

Республикадагы бүгүнкү кырдаалга токтолгон генерал аны кризисттик жана оор деп атап, ага азыркы бийликти жана бийлик системасын күнөөлөдү. Кризисттик шартта мамлекеттин бардык ресурстарын бир нукка топтоп, аны натыйжалуу пайдаланууга аракет жасалыш керек деп эсептейт генерал.

Марат Иманкулов өнөр жайы өнүкмөйүн өлкө өнүкпөйт деген пикирде.

Генерал Иманкулов республиканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Коргоо кеңешинин катчысы кызматтарын аркалаган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар