Газпром: чөнтөгүңдү каалагандай кактайм…

Орусиянын гигант компаниясы Газпром 2014-жылы  “Кыргызгазды” 1 долларга сатып алган.  “Кыргызгазды” оңдуу иштете албаган жана газ сатып алуу боюнча кошуналар менен дурустап сүйлөшө албаган кыргыз чиновниктери  ишкананы сатып кутулууну чечкен.

Мына ошол жылы Газпром символикалык 1 долларды төлөп, “Кыргызгаздын” бардык инфраструктурасына ээлик кылып калды.  Туура азыр президент Атамбаев мактанып айтып жүргөндөй карыздарын да кошо алган…

“Кыргызгаздын” сатылышын Алмазбек Атамбаев 29-августа Бишкекте Газпромдун башчысы Алексей Миллер катышкан жыйында дагы бир жолу мактана белгиледи. Ал эмес “Кыргызгаздын” 1 долларга сатылышына нааразылык билдирген (ошонун айынан куугунтукталып камалган) Акматбек Келдибековду кемсинтип, жекирип өттү. Мурунку төраганы Атамбаев “коррупционер,  өлкөнү, пенсионерлерди уурдап-тоногон” деп атады…

Акматбек  Келдибеков социалдык тармактар аркылуу кескин жообун берди…

Газпром Кыргызстандын газ тармагында эле эмес, күйүүчү май тармагында да дээрлик монополист. Ага атаандаш Орусиянын Роснефть гиганты бар.

Бир мамлекеттин эки гиганты Кыргызстанда күйүүчү майга бааны каалагандай калчап, кирешеге туйтунуп жатат.

Ал жөнөкөй эле салыштыруудан көрүнөт. Маселен, Газпром кошуна Казакстанда да күйүүчү май сатат. Бирок Казакстанда  1 литр А-95 күйүүчү майынын баасы 30 сомдон бир аз ашык. Тенге менен 150-160 тенге турат. Курс менен эсептегенде 30 сомдон бир аз көбүрөөк болот.

Кыргызстан Улуттук банкы белгилеген курс боюнча, бир тенгенин баасы 20 тыйындан бир аз ашыгыраак… Санап көрүңүз эми.

Ал эми Кыргызстанда Газпромдун 1 литр А-95 маркасындагы күйүүчү42 сомдон кымбатыраак турат.

Карыш турган Казакстандан Кыргызстанда эмне үчүн 10 сомдон ашуун айырма?

Бул моноплисттердин ич ара сүйлөшүп алып жүргүзүп жаткан саясатабы?

Анда биздин Антимонополдук кызмат текей терип жүрөбү?

Же Орусия монополисттери кыргыз бийлик башчылары менен сүйлөшүп алып, кыргыз жарандарынын эсебинен пайдага туйтунуп жатабы?…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар