Гамбург саммитинин алдында Орусия жана Кытай кол алышууда

7-июлда Германиянын Гамбург шаарында Чоң 20нын саммити болот. Анын алдында Кытай лидери Си Цзинпин 3-июлда Москвага эки күндүк расмий сапар менен келди. Ошол эле күнү кечинде Кытай лидери менен орус президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсү болду.

Кремлдин маалымат кызматынын кабарлоосу боюнча, эки лидер Кытай менен Орусиянын ар тараптуу стратегиялык өнөктүгүнө байланыштуу маселелерди сүйлөшөт. Анын ичинде дүйнөлүк жана регионалдык коопсуздук маселелери болот.

Орус жана кытай эксперттери Москва менен Бейжин  стратегиялык өнөктүктү бекемдөө жолунда баратат деген пикирде.

2016-жылы Кытай менен Орусиянын тышкы соодасынын көлөмү 69 млрд. доллардан ашкан. Быйылкы жылы эки тараптуу соода көтөрүлүү жолунда баратат. Жыл соңунда 80 млрд. долларга жетет деп болжолдонууда.

Бирок Кытайдын АКШ (558 млрд. доллар) жана Европада (564 млрд. доллар 2015ж.)андан эселеген чоң экономикалык кызыкчылыктары жана соода байланыштары бар.

Саясий жана аскерий жактан алганда тескерисинче келишпестиктер жана тирешүүлөр бар. Бул батыштан ыдык көргөн Орусия менен Кытайдын жакындашуусунун себептеринин бири.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар