ФСБ теракт даярдап жаткандардын ысмын жарыялады

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Подмосковьеде терактын алдын алды. Ага даярдык көрүп жатып кармалган адамдардын ысмын жарыялады. Коммерсанть гезитинин 14-августа жазуусуна караганда, кармалгандар Давлатер Ходжаев, Давронзод Сиёвуши жана Сулаймон Бурхонов. Борбор Азия мамлекеттеринин жарандары.

Ысымдарына караганда бул үчөө Тажикстан жарандары болушу ыктымал.

ФСБнын маалыматы боюнча, кармалгандар “Ислам мамлекети” аталган террордук уюм менен байланышта болгон. Алардын лабораториясынан жардыргыч, ага керектелчү заттар алынды.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар