Францияда президенттин партиясы жеңишке жетишүүдө

Францияда парламенттик шайлоодо президент Эммануэл Макрондун “Алга, Франция!” партиясы жеңишке жетишип жатканын расмийлер кабарлады. Президенттин партиясы 28.21%, атаандаш “Республикачылар” 15.77%, Марин Ле Пендин “Улуттук фронту” 13.2% добуш алды. Президент Макрондун союздашы болгон “Демократиялык кыймыл” 4.11% алды.

“Ле Монд” гезитинин эсеби боюнча, “Алга, Франция!” менен “Демократиялык кыймыл” биригип 390-430 мандатка ээ болот.

Жалпысынан Франция парламентинин төмөнкү палатасында 577 депутаттык орун бар.

Жакында эле президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Эммануэл Макрон үчүн парламенттик шайлоодо да жеңишке жетишүү өз программасын турмушка ашырууга жана саясатын жүргүзүүгө чоң өбөлгө болмокчу.

Жекшембиде өткөрүлгөн шайлоого Франция шайлоочуларынын 51% катышкан.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар