Ф.Ниязовдун кайсы ролу маанилүү?…

Кыргызстан конституциясынын 63 беренесине ылайык президент шайлангандан кийин партиялык ишин токтотууга тийиш. Конституциянын бул беренеси Атамбаев учурунда формалдуу түрдө гана аткарылып, ал иш жүзүндө партиясын тыкыр көзөмөлдөп, жетекчиликти колунан эч чыгарбай келген.

Сооронбай Жээнбеков да КСДПга мүчөлүгүн токтоткону кабарланган. Бирок Жээнбековдун оң колу саналган, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары кызматы бойдон калган. Бул мамлекеттик жана партиялык институттардын кошулуп, аралашуусуна жол берилбейт деген Конституция талаптарына туура келе бербейт.

Фарид Ниязов мамлекеттик кызмат менен партиялык ишмердүүлүктү бирдей кармап турганы 15-февралда дагы бир жолу кашкая маалым болду. “Орусиянын “Единная Россия” партиясынын маалымдоосуна караганда, 15-февралда Москвада “Единая Россия” партиясы менен КСДП кызматташуу боюнча келишимге кол койгон. КСДП тараптан президенттик аппараттын башчысы, КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов, орус тараптан “Единая Россия” партиясынын Башкы кеңешинин катчысы Андрей Турчак кол койгон.

Москвада кол коюга катышкандар арасында өткөн жылы коррупция боюнча кылмыш иши козголгон КСДП депутаты Музаффар Исаков жүргөнү байкалат. Андан сырткары КСДП фракциясынын мүчөлөрү Марат Аманкулов, Евгения Строкова, элчи Болот Отунбаев, өкмөт башчынын кеңешчиси Калык Султанов болгон.

Москвадагы келишимге ылайык КСДП менен “Единая Россия” партиялык иштерде кызматташмакчы. Фарид Ниязов Орусиянын башкаруучу партиясынан партия куруу жагынан сабак алууга ынтызарлыгын билдирген…

КСДПнын кожоюну Атамбаев партиясынын курултайын чакырып, парламенттик шайлоого даярдык көрүүнү баштаарын билдирген. Бирок курултай улам-улам кийинки мөөнөткө жылдырылууда…

 

 

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар