Европа ысыктан азап чегүүдө

 Батыш маалымат каражаттарынын кабарлоосу боюнча, Европада ысык 44 градуска жетүүдө. Бир нече мамлекет аномалдуу ысык боюнча расмий маалымат чыгарып, адамдарды абайлоону  эскертти.

Өзгөчө ысык Италияда болуп, ал жерде градус адаттагыдадан 10 градуска жогору болууда. Сардинияда ысык 44 градуска жетсе, Римде 43 градуска көтөрүлгөн. Күндүн катуу ысуусу  токойлордо өрт чыгуусуна алып келүүдө.

Европа жана Балканда ысык дагы бир нече күн кармалары кабарланган. Окмуштуулар климаттын ысуусуна каршы чаралар кабыл алынбаса, аба мындан да ысып ар кандай табийгат кырсыктарына алып келет деп эскертүүдө.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар