Эрдоганды “такка” отургузууга С.Жээнбеков аттанды

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 9-июлда президенттик кызматка киришүү аземин өткөрөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков жөнөп кетти. Борбор Азия мамлекеттери ичинен аземге катышкан президенттерден Жээнбеков эле болмокчу. Калган өлкөлөрдөн президент эмес, парламент төрагасы же башка расмий адам жетектеген делегация барат. Маселен, Өзбекстандын парламентинин төрагасы катышмакчы.

Жалпысынан Эрдогандын инаугурациясына 22 өлкөнүн президенттери, 28 өлкөнүн парламент төрагалары катышат. Президенттер арасында Болгария, Македония, Молдова, Сербия, Венесуэла, араб өлкөлөрүнүн жана Африка мамлекеттеринин президенттери, эмирлери бар.

Эрдогандын президенттик кызматка киришүүсү менен Түркияда жаңы бийлик системасы иштей баштайт. Өлкө президенттик башкарууга өтүп, президент аткаруу бийлигин өзү жетектейт, өкмөт башчынын орду жоюлат.

Түркиянын парламенттик системадан президенттик башкарууга өтүүсүнө эмне себеп болду деген суроо жаралат?

Геосаясий жактан абдан орчун жерде жайгашкан Түркиянын президенттик башкарууга өтүүсүнүн бир себебин мына ошол өлкөнүн жайгашкан орду жана дүйнөлүк саясий, аскерий жараяндардагы ролу менен байланыштырылат. Мусулман дүйнөсүндөгү эң таасирлүү өлкөнүн туруктуу бийлик вертикалы болуш керектиги түшүнүктүү нерсе.

Түркия өзүн АКШ, Орусия сыяктуу өтө таасирлүү мамлекеттердин катарынан көргүсү келет. Бул өлкөлөрдө болсо президент башында турган бекем бийлик вертикалы бар…

Андан сырткары, Түркияда коалициялык өкмөт куроодо туруксуздук жана сырткы күчтөрдүн ички саясий жараяндарга таасиринин күчөшү Эрдоган баштаган түрк лидерлеринин президенттик башкарууга өтүүнү демилгелөөсүнө алып келди дегенге негиз бар.

Белгилүү болгондой, батыш өлкөлөрү күрт факторун колдонуп, аларды Түркия парламентине алып келүүгө жетишти. Салахиттин Демирташ баштаган күртчүл  Элдердин демократиялык партиясы аз мандатка ээ болсо да түрк парламентинде коалиция түзүүдө чечүүчү ролго ээ боло баштады. Аларды каржылап, колдогон АКШ, Израиль, айрым Европа мамлекеттери Түркиянын  ички саясатына кийлигишүү, анын туруктуулугуна доо кетирүү, керек болгон учурда чөгөлөтүү механизмине, куралына ээ болуп калышты…

Күрттөрдүн партиясын шайлоого жолотпой коюу демократияга каршы келе турган көрүнүш сыпатталып, кескин сынга кабылмак. Ошондуктан демократияны да бузбай, мамлекеттин ички саясатын сырткы таасирден арылтуу үчүн Эрдоган баштаган түрк билермандары президенттик башкарууга өтүүнү чечишкен.

Түркиянын мындай кадамын батыш сындап, Эрдоган “султанга айланды”  деп жатат. Бирок ал башкарууга мүмкүн болбой калган адамдын артынан айкырып, жамандаган үнгө окшош болууда.

Анткени Түркия бүгүнкү күндө ички да, тышкы да саясатын улуттук кызыкчылыгына жараша жүргүзгөн дүйнөдөгү саналуу мамлекеттердин бири болуп калды. Бул албетте жеңил нерсе эмес. Түркиядан экономикалык жана башка жагынан алда канча күчтүү мамлекеттер андай саясат жүргүзүүгө даабай келишет. Маселен, Япония, Германия…

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар