Эксперт эмнеге жоопкер эмес?

Кирпичи эсептелбей калды деп Канаттын канаты кайрылганы турат

Канат Исаевге камалганга чейин коррупция боюнча козголгон иштин тергөөсү бүтүп, сотко өткөрүлгөн. Бир айга чукул убакыттан бери сот иши жүрүүдө. Барган сайын бул иш кимдир бирөөлөрдүн ашыкча кызыкчылыгынан улам ойдон чыгарылып, «далилдер» айрымдарды күчкө салып топтолгону ачык болууда.

Биз бир эле мисалга токтололу. Бир имаратты сатууга карата эксперттер өздөрүнүн эксперттик баасын чыгарып беришкен. Кызыгы 2009- жылы ошол эле имаратты аукционго коюп сатууга 4 миллиондун тегерегинде баалап эксперттик баасын чыгарып берген эксперт 2016- жылы иш козгоп, текшерүүчү тергөөчүлөрдүн тапшырмасы менен 17 миллионго баалаган. К. Исаевдин жактоочуларынын “Эмне себептен мурда 4 миллионго баалап, арадан 7 жыл өткөндөн кийин 17 миллионго бааладыңыз? Эмне үчүн сумма ушунчага өсүп кетти?” дегенине кекечтенген эксперт айласы куруп “Кирпичин эсептебей калыптырмын” деп күлкүнү келтирди. Зал жарыла күлгөндө сот элди араң тынчтандырды.

“Сиз эсептеп берген 4 миллион сомго ошол имарат үч жолу сатыкка коюлуп аукцион өтүп, бирок үч жолу тең өтпөй калыптыр. Эч ким сатып албаптыр. 4 миллионго бааланганда албаган имаратты 17 миллионго кимдир бирөө алышы мүмкүнбү?” деген суроого жооп бербей, “Бул жерде эксперттин эмне тиешеси бар. Канчага сатат ал сатуучулардын иши”- деп кутулду.

Ошол эле тергөөчүлөр жалдаган экинчи эксперт да беркиникине коёндой окшош кылып 17 миллионго баалаган экспертин чыгарып берген. Жактоочулар тарабынан “Бул бааны кантип чыгардың?” деген суроосуна “Бишкектеги базар баасынан Токмоктукун 20 пайызга төмөндөтүп эсептеп койдум” деп дагы күлдүрдү. Токмоктун четиндеги кароосуз бузулуп калган имараттын баасын Бишкектин борборундагы имараттын баасынан болгону 20 пайызга төмөндөтүп эсептеген экен. Андан да кызыгы өзү барып көрбөй туруп эле тергөөчүлөр алып келген документтердин негизинде баа чыгарган. Бишкектеги имараттын баасын кой, жердин баасы Токмок шаарынын четиндеги кароосуз калган, бузулган имаратты кой, борборундагы жаңы имараттын баасынан бери болгондо 50–60 пайызга кымбат экенин бүгүн атайын адис эксперт эмес билимсиз наабайчы деле жакшы билет.

Тергөөчүлөр болсо так ушул эксперттердин баа койгон бүтүмдөрүнө таянуу менен “Кымбат имараттын арзанга сатылышына тиешеси бар” деген мааниде кылмыш ишин козгошкон. Суроо туулат? Бир эле эксперт ортодон 7 жыл өткөндө эки түрлүү баа чыгарганы кандай? Эмне себептен андай эксперт К. Исаевдин жанында камакта отурбайт? Анткени так ошол эксперттердин бүтүмүнүн негизинде имарат сатыкка коюлган да. Ал кезде К. Исаев Токмокто шаардын мэри болуп иштеген. Канча жыл кароосуз калып талкаланган имарат сатыкка коюлса шаардын мэри барып баасын чыгарып бербейт да. Эксперттер кандай баа чыгарса ошого ишенип сатууга уруксаат берери түшүнүктүү эмеспи. Тергөөчүлөр койгон “17 миллионго сатылышы керек болчу” деген баа түгүл 4 миллионго үч жолу аукционго коюлуп өткөн эмес. Сатканга жоопкер тарап да башкалар, алган тарап да башкалар. К. Исаевдин күнөөсү ошол кезде мэр болуп иштеп калганы. “Сен мэр болуп туруп көзөмөлдөбөйсүң?” дегени. Ошол кездеги мыйзамды көзөмөлдөгөн Токмоктун прокурору кайда? Башка да мамлекеттик органдар кайда?

Жакпагандарга кылмыш козгош үчүн минтип жоктон бар кылып жомок ойлоп чыгаруунун түбү жакшы болбойт го. Мыйзамды сыйлаган бир дагы өлкөдө мындай иш өндүрүшкө алынмак эмес. Жок дегенде мурдагы экспертти кайра кыйнап жаңы баа чыгартпай башкасын эле табышса болмок. Антсе тигил эксперт келип жаңы табылгандын таш-талканын чыгарып баарын далилдеп берээрин билишип, эскини кайра жаңы баа чыгарууга көндүрүшкөнү көрүнүп турат. Кыскасы бул иш улам бир жеринен” тигиши сөгүлүп” тамтыгы чыгууда. Күнөөлөөчү прокурор деле башын салып араң отурганы көрүнүүдө.

Арыстан Кубат

Жаңы ордо

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар