Дүйнөлүк, Орусия экономикасы быйыл эмне болот?

23-июлда Куала-Лумпурда Эл аралык валюта фонду быйылкы жылдагы дүйнөлүк экономиканын өсүүсү боюнча божомолун жарыялады. Анда жалпысынан дүйнөлүк экономика өсүү жана оңолуу жолунда экени белгиленди. Өнүккөн АКШда өсүү быйыл бир аз төмөндөп 2.3% эмес, 2.1% болору күтүлөт. Ал эми  Европа Биримдигинде 1.9% өсүш болот.

КМШ мамлекеттеринде да экономика аздан болсо да өсүү жолуна түшөт. Быйылкы жылы КМШда 1.7%, келерки жылы 2.1% өсүш болот.

Кыргызстанда 6 айда Кумтөрдү кошпогондо ИДП 3.1% өскөнүн Улуттук статистикалык комитет жакында эле жарыялаган.

Орусия экономикасы 2017-2018-жылдары калыбына келүүну улантып, 1.4%дан өсөт. Түркияда өткөн жылдан бери экспорт өсүп, ошого жараша экономикалык келечеги оңдуу болору айтылууда.

Кытай өсүү темпин басаңдатпайт. Ал белгиленгендей эле 6.7%га өсөт. Кытайдын жакынкы атаандашы Индия 7.2% өсүштү камсыздайт. Өнүгүп келаткан өлкөлөр ичинен Ирандын экономикасы да катуу өнүгөрү белгиленген.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар