Душанбе менен Ташкент май айында чек араны минадан тазалай баштайт

Өзбекстан менен Тажикстан чек араларын минадан тазалоо боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүштү.

Тажик бийлигинин маалыматы боюнча чек араларды жардыруучу заттардан арылтуу иши май айынын ортосунда башталат.

Тажикстандын Улуттук мина борборунун директору Мухаббат Иброхимзода биргелешкен жумушчу топ мина көмүлгөн жерлерди тазалоо операциясына даярдык көрүп жатканын маалымдады.

Тажик Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара башкармалыгынын өкүлү Мухаммад Улугходжаевдин айтымында, өзбек-тажик чек арасындагы мина жашырылган жайлар жана алардын жалпы аянты тууралуу маалымат сыр бойдон калат.

Бейрасмий маалыматтар боюнча өзбек-тажик чек арасындагы миналуу жерлердин жалпы аянты 9,5 чарчы чакырымды түзөт.

Өзбек жана тажик бийликтери 2019-жылдын аягына чейин чек араны минадан тазалоону макулдашты. Эки өлкөнүн чек арасынын тоолуу райондордогу тилкелерине 1999-жылы “Өзбекстан ислам кыймылы” тобунун согушкерлери Тажикстан тараптан Өзбекстандын Сурхандарыя облусуна кирүүгө аракеттенишкенде мина коюлган.

Тажикстандын улуттук борборунун маалыматына караганда, акыркы жыйырма жылда чек арада жарылган минадан 800дөн ашуун тажикстандык жапа чеккен.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар