Дордой жана Кумтөр: экономикага салымдарын салыштыруу…

Кыргызстан экономикасы көп өлкөлөргө салыштырмалуу кичинекей экономика болгондуктан жана эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында мурдагы көптөгөн өнөр-жай өндүрүшү токтоп калгандыктан, негизинен үч чоң булакка таянууда деп айтсак болот. Биринчиси, чет өлкөдө, өзгөчө Россияда иштеген мигранттар, «Кумтөр» ишканасы жана Дордой базары. Албетте, мындан тышкары, дагы көптөгөн жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишканалар да аздыр же көптүр экономикага өз салымын кошуп жатышат. Бул эмгекте Дордой менен Кумтөрдүн экономикага салымдарын салыштырып карап көрүү максат кылынды. Бирок Дордой боюнча, статистикалык маалыматтарды табуу чоң маселе болгондуктан, Дүйнөлүк банк тарабынан 2008-2009-жылдары жүргүзүлгөн изилдөөлөр гана негиз алынды. Ал эми «Кумтөр» алтын кени боюнча маалыматтар болсо компаниянын сайтынан алынды.

Кумтөр эсеби жана салымдары

«Кумтөр» компаниясынын өзүнүн эсептөөлөрү боюнча, жалпысынан компания иштеген 1994-2015-жж. аралыгындагы Кыргызстан аймагындагы төлөмдөрү 2,96 миллиард доллардан ашкан. Бул убакытта болжолдуу эсептөөлөр боюнча, компаниянын алтын сатуудан тапкан кирешеси 7,49 миллиард долларды түзгөн.

1997-2015-жылдардын аралыгында Кумтөр ишканасы жалпысынан 1,93 миллиард долларлык капиталдык салым жасаган жана геологиялык чалгындоого жалпысынан 128,5 миллион доллар каражат жумшаган.

Булардын баарын кемиткенде, компания болжол менен 2,5 миллиард доллар таза пайда алып кеткен дегенге болот. Башкача айтканда, жалпы кирешелердин 1/3и компаниянын таза пайдасын түзүүдө. Калган 2/3си капиталдык салымдарга жана Кыргызстандын экономикасына салым кошууда.

«Кумтөрдүн» Кыргызстанга жасаган жалпы төлөмдөрүнүн компаниянын жалпы кирешесиндеги үлүшү 2001-жылга чейин 20%дан төмөн болсо, 2002-жылдан бери 30-40%дын тегерегинде болууда . Болгону үч жыл гана 50%дан ашкан. Алардын арасынан 2004-жылы акцияларды сатуудан түшкөн 86 миллион долларлык киреше кошулганы үчүн кескин жогорулоо болгон. Аны кошпогондо, 2004-жылы Кыргызстанга жасалган төлөмдөрдүн кирешедеги үлүшү 48,5%ды түзгөн.

«Кумтөр» компаниясынын сайтындагы маалыматтар боюнча, 2016-жылдын 1-октябрына карата бул компанияда туруктуу эмгектенген жумушчулардын саны 2519ду түзгөн. Анын 2442си Кыргызстандын, 77си болсо чет өлкөлөрдүн жарандары. Мындан тышкары, кенде иштеген подряддык ишканаларда 440 жумушчу эмгектенүүдө. Башкача айтканда, компания жалпысынан 2959 кишини жумуш менен камсыз кылууда.

 

Дордой эсептери жана кирешелери

Ал эми Дордойдо болсо 2006-жылы жүргүзүлгөн болжолдуу эсептөөлөр боюнча 50 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болгон (Kaminski, 2008:15). Дүйнөлүк банктын бир изилдөөсү да ушундай эле жыйынтыкка келген, бирок кээ бир толуктоолорду жасаган. Тагыраак айтканда, Дүйнөлүк банктын 2009-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрү боюнча, Дордойдо жалпысынан 25305 сатуу орундары (анын ичинде 22280 контейнер, 650 прилавка, 2375 бутик) болгон. Орто эсеп менен контейнер жана бутикте экиден, ал эми прилавкада болсо бирден сатуучу иштейт деп эсептегенде, Дордойдо болжол менен 50 миң адам иштейт. Мындан тышкары, акча алмаштыруу жайлары, кийим реставрация жайлары, терминалдарда иштегендерди жана тамак-аш, суусундук саткандар ж.б. кошкондо, жалпысынан болжол менен 100 миңдей адам эмгектенүүдө (WB, 2009а:9).

Бишкек шаарындагы жалпы жумуштуулуктагы Дордойдун үлүшү 2008-жылы 7,8%ды түзгөн (WB, 2009b:10). Дагы бир эсептөө боюнча, Бишкек шаарындагы 375 миң жумуш ордунун 13%ы, б.а. 50 миңи Дордойго туура келген (Kaminski, 2008:16). Башкача айтканда, Бишкек шаарындагы жумуш орундарынын 8-13%ы Дордойго туура келет деп айтканга болот.

Жалпысынан Дордойдун жумуш орундарын түзүүдөгү салымы Кумтөргө караганда 20 эсеге жогору.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, изилдөөчүлөрдүн байкоосу боюнча, сатуучулардын 70-80%ы, б.а. 35-40 миңи аялдар болгон (WB, 2009а:8). Башкача айтканда, өзгөчө аялдардын жумуш менен камсыз болушунда Дордойдун ролу чоң.

Бирок, Дордойдун эмгек акы фонду 2006-жылы болжол менен 65 млн долларды түзсө (Kaminski, 2008:16), 2015-жылы «Кумтөрдүн» жумушчуларга төлөгөн таза эмгек акылары 56 млн долларды түзгөн. Башкача айтканда, Дордойдо кошумча нарк аз болгондуктан, ал жерде иштегендердин кирешелери да салыштырмалуу төмөн болууда. Мындан тышкары, кирешелерде да абдан чоң айырмалар бар деп айтууга болот. Сатуучулардын эмгек акыларындагы айырмалар да бул абалды тастыктайт. Мисалы, 2009-жылы Дордойдо сатуучу катары иштегендердин эмгек акысы контейнердин жайгашкан жерине жараша 4000 сомдон 18000 сомго (100-420$) чейин болгон (WB, 2009а:9). «Кумтөрдө» болсо Кыргызстан жарандары менен чет өлкөлүк жарандардын эмгек акыларында эле чоң айырма болбосо, Кыргызстан жарандарынын эмгек акылары, б.а. кирешелери бири-биринен өтө көп айырмаланбайт деп айтууга болот.

 

Бюджетке Кумтөр көп төлөйбү же Дордойбу?

Мамлекеттик бюджетке салымдарын салыштыра турган болсок, Дордойдон орточо жылына 6-7 млн АКШ доллары өлчөмүндө салык чогултулса, 2015-жылы «Кумтөрдүн» салык, бажы ж.б. милдеттүү төлөмдөрү 98,7 млн долларды түзгөн.

Бирок, Дордой базарына келген товарлардан түшкөн бажы салыктарынын жалпы өлчөмү белгисиз болгондуктан, так салыштыруу жасоо кыйын. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча төмөнкүдөй: 2015-жылдын бюджет долбоорунда «эл аралык соода жана операциялардан алынчу салыктар» 15 млрд сом деп көрсөтүлгөн, бул көрсөткүч 2016-жылы да ушундай эле болгон. Бул болжол менен 217 млн долларды түзөт. Бул салыктык кирешелердин маанилүү бөлүгүнүн Дордойго келген товарлардан түзүлөөрү анык. Бул жагынан караганда Дордойдун мамлекеттик бюджетке салымы «Кумтөргө» караганда 1,5-2 эседей чоң десек болот. Бул, албетте, болжолдуу гана эсептөө.

2006-жылы реэкспорт кирешелери 329 миллион АКШ долларга жеткен. Мунун ИДПга катышы 11,5%ды түзгөн (Kaminski, 2008:15). Салыштыруу үчүн 2006-жылы «Кумтөр» компаниясында өндүрүлүп сатылган алтындын акчалай наркы болжол менен 177,2 миллион долларды түзгөн. Башкача айтканда, Дордойдун реэкспорттук кирешеси «Кумтөрдүн» экспортуна салыштырганда болжол менен 1,5-2 эсеге жогору болгон.

Ал эми экспорттун дүң көлөмүн карай турган болсок, Дүйнөлүк банктын эсептөөлөрү боюнча, 2008-жылы Дордойдун жалпы жылдык сатуу көлөмү 2,84 миллиард долларды түзгөн. Анын 85%ы импорттук товарлардан турган жана 75%ы, б.а. 2,13 миллиард доллары экспортко жиберилген (WB, 2009b:16). Ал жылы Кумтөрдүн экспорту 471,5 миллион долларды түзгөн. Башкача айтканда, Дордойдун жалпы экспорту Кумтөрдөн 4,5 эсеге чоң болгон.

Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, 2006-жылы Дордой базарынын жалпы жылдык кирешеси 480 миллион долларга барабар болгон (Kaminski, 2008:15). Ал эми, бул жылы «Кумтөрдүн» жалпы өндүрүш көлөмү болжол менен 177,2 миллион долларды түзгөн. ИДПга салымы жагынан да Дордойдун «Кумтөрдөн» болжол менен 2 эсеге жакын чоң экенин көрүүгө болот. Ал эми 2015-жылы компаниянын жалпы кирешеси 603,7 миллион долларга жеткен. Тилекке каршы, Дордой жөнүндө акыркы маалыматтар жок болгонуна байланыштуу, акыркы жылдарды салыштыруу мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин  маалыматтары боюнча, «Кумтөрдүн» өлкөнүн ИДПсындагы 2015-жылдагы үлүшү 6,8%ды, өнөр-жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 22,5%ды түзгөн. Ал эми Дордойдогу кошумча нарктын ИДПдагы үлүшү болсо 15%га жакын деп айтканга болот. Бирок мунун маанилүү бөлүгү көмүскө бойдон калып, расмий маалыматтарда көрүнбөйт.

Дордойдун импортунун 90%ы Кытайдан, калган 10%ы болсо Түркия, Корея, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Сирия, Греция ж.б. өлкөлөрдөн түзүлгөн (WBа, 2009:20). Эсептөөлөр боюнча, Дордойдо сатылган товарлардын болжол менен 15-20%ы жергиликтүү товарлардан (самопошив) турган.

Бул жагынан караганда, Дордойдун дагы эки оң тышкы натыйжасын бөлүп көрсөтүүгө болот: биринчиден, ички өндүрүүчүлөр олуттуу өлчөмдөгү чет өлкөлүк маркетинг чыгымдарына кабылбастан, өздөрүнүн продукцияларын потенциалдуу чет өлкөлүк кардарларга тааныштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Өндүрүүчүлөр чет өлкөгө чыкпастан, тескерисинче потенциалдуу кардарлар өздөрү өлкөгө келишүүдө. Экинчиден, адистешүү пайдалары да бар: товардын өндүрүүчүсүн жана андан соң ага кардарларды табуу талапты божомолдоо, маркетинг, өндүрүүчү өлкөдөгү шарттарды жакшы билүү сыяктуу көптөгөн ар кандай жөндөмдөрдү талап кылат. Мындай жөндөмдөр заманбап өндүрүш жана бөлүштүрүү айлампаларында оңой гана бир тараптан экинчи тарапка өтүшү мүмкүн (Kaminski, 2008:16). Башкача айтканда, Дордой себептүү бир жагынан жергиликтүү өндүрүүчүлөр товар сатууда артыкчылыктарга ээ болсо, экинчи жагынан көп жарандарыбыз соода тармагында жөндөмүн өстүрүшүүдө. Албетте, мунун терс тарабы да бар. Себеби соодада кошумча нарк аз болгондуктан, бир гана бул тармакка экономиканы таяндыруу узун мөөнөттө калктын бакубаттыгына терс таасир тийгизиши толук мүмкүн.

Жалпы анализдердин негизинде төмөнкүдөй жыйынтыктарды чыгарууга болот:

  • Дордойдун экономикага салымы жумуштуулук, кошумча нарк, экспорт сыяктуу көрсөткүчтөрдүн бүт баары боюнча, «Кумтөрдөн» жогору болууда. Тагыраак айтканда, жумуштуулукта 20 эсе, экспортто 1,5-2 эсе, кошумча нарк жагынан да 2 эсеге жакын жогору;
  • Дагы бир белгилей кетчү жагдай, изилдөөчүлөрдүн байкоосу боюнча, сатуучулардын 70-80%ы, б.а. 35-40 миңи аялдар болгон. Башкача айтканда, өзгөчө аялдардын жумуш менен камсыз болушунда Дордойдун ролу чоң.
  • Мамлекеттик бюджетке салымдарын салыштыра турган болсок, Дордойдон орточо жылына 6-7 млн АКШ доллары өлчөмүндө салык чогултулса, 2015-жылы «Кумтөрдүн» салык, бажы ж.б. милдеттүү төлөмдөрү 98,7 млн долларды түзгөн. Бажы салыктарын кошо эсептесек, 2015-жылдын бюджет долбоорунда «эл аралык соода жана операциялардан алынчу салыктар» 15 млрд сом деп көрсөтүлгөн, бул көрсөткүч 2016-жылы да ушундай эле болгон. Бул болжол менен 217 млн долларды түзөт. Бул салыктык кирешелердин маанилүү бөлүгүнүн Дордойго келген товарлардан түзүлөөрү анык. Бул жагынан караганда Дордойдун мамлекеттик бюджетке салымы «Кумтөргө» караганда 1,5-2 эседей чоң десек болот.
  • Жумушчулардын эмгек акыларын салыштырсак, Дордойдун эмгек акы фонду 2006-жылы болжол менен 65 млн долларды түзсө, 2015-жылы «Кумтөрдүн» жумушчуларга төлөгөн таза эмгек акылары 56 млн долларды түзгөн. Башкача айтканда, соодада кошумча нарк аз болгондуктан, ал жерде иштегендердин кирешелери да салыштырмалуу төмөн болууда. Мындан тышкары, кирешелерде да абдан чоң айырмалар бар деп айтууга болот. Сатуучулардын эмгек акыларындагы айырмалар да бул абалды тастыктайт. Мисалы, 2009-жылы Дордойдо сатуучу катары иштегендердин эмгек акысы контейнердин жайгашкан жерине жараша 4000 сомдон 18000 сомго (100-420$) чейин болгон.
  • Соодада кошумча нарк төмөн болгондуктан, өлкөдө кайра иштетүү өнөр-жайын өнүктүрүү жана Дордойду логистикалык борборго айландыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү зарыл. Себеби, жогоруда да айтылгандай, Дүйнөлүк банктын эксперттеринин эсептөөлөрү боюнча, Дордойдо сатылган товарлардын 15-20%ы Кыргызстанда тигилген товарлардан турган. Башкача айтканда, кандайдыр бир деңгээлде ички өндүрүштүн тышкы рынокторго ачылып, өнүгүшүндө Дордойдун салымы болууда. Бул потенциалды колдонуу зарыл;
  • «Кумтөрдөн» алынган алтын жана башка металлдар да негизинен чийки зат бойдон экспорттолууда. Алардын да өлкөдө кайра иштетилиши боюнча чараларды көрүү зарыл. Мисалы, чийки зат бойдон экспорттолгондо, алардын экспортунан салык алуу сыяктуу;
  • Дордойдогу экономикалык мамилелер негизинен көмүскөдө калып, ал жөнүндө статистикалык маалыматтар жетишсиз бойдон калууда. Ошондуктан статистикалык маалыматтарда анын экономикалык мааниси жана орду көрүнбөй калууда. Улуттук статистика комитети ыңгайлуу ыкмаларды колдонуп, статистика чогултканга аракет кылса, мындай аракеттер экономикалык стратегия, саясаттардын туура аныкталышына өз салымын кошмок.

Ганиев Ж., Кыргыз-Түрк Манас университети, junus.ganiev@manas.edu.kg

Байгонушова Д., Кыргыз-Түрк Манас университети

* Бул макала «Реформа» журналына жарыялануу үчүн кабыл алынган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар