Доллар көтөрүлдү. Дагы эмнени күтүүгө болот?

14-июнда доллардын курсу көтөрүлө баштады. Бишкектеги акча алмашуу жайларында 1 доллар сатууда 68.65 сом, сатып алууда 68.45 болууда. Бир нече күн мурун эле бир доллардын баасы 68 сомдун тегерегинде болуп аткан.

14-июнда Орусияда да рублдин долларга карай бир аз арзандаганы байкалды. РБКнын маалыматы боюнча 14-июнда доллар 0.46 тыйынга кымбаттады. 13-июнда бир доллардын баасы 57.44 рубль болсо, 14-июнда 0.46 тыйын кошулган.

Кыргызстандын Улуттук банкы да доллардын курсунун өсүүсүн белгилеген, бирок өтө минималдуу өлчөмдө. 15-июнга карай курсту аныктаган Улуттук банк, бир доллардын баасын 68 сом 4973 тыйын деп белгилеген. 14-июнда 68 сом.4588 тыйын деп турган. Тактап айтанда, доллар 4 тыйындын тегерегинде кымбаттаган.

Доллардын курсунун көтөрүлүүсүнүн биринчи себеби Американын Федералдык резервдик системасынын 14-июнда үстөк пайызды (учетная ставка) 0.75-1%дан 1-1.25% көтөрүүсү аталып жатат.

Долларга үстөк пайыздын көтөрүлүшү менен, анын кирешеси көбөйөт. Бул  адатта өнүгүп келаткан өлкөлөрдөн доллардын АКШга карай агылышына алып келет.

Ошондуктан 14-июнда ФРСтин үстөк пайызды көтөрүүсү рублдин жана сомдун курсуна таасирин азыраак тийгизди. Бирок Кыргызстандын да, Орусиянын да валюта базары Улуттук банктардын бекем көзөмөлүндө турат.

Алар доллардын курсунун кескин өзгөрүүсүнө  жол бербейт.

Өткөн жылдары курс өтө өзгөрүлмө болуп турган мезгилде да Улуттук банк доллардын курсун кармоо үчүн валюта базарында соодага активдүү катышып, накталай доллар сатып турган. Бул курстун турукташуусуна алып келген.

Азыркы кезде Улуттук банктын кийлигишүүсүн талап кылгандай абал байкалбайт.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар